"Эркин-Тоо"

ТАРЫХ КҮБӨСҮ БОЛГОН КЫРГЫЗ БААТЫРЛАРЫНЫН КҮМБӨЗҮ

Стамбулга баргандан баштап Изникке тезирээк барууну дегдеп жаттым. Анткени ал жерде кезинде Византиянын Изник шаарын алууда түрк туугандарга опол тоодой тирек болуп, баатырларча курман болгон кыргыз баатырларынын күмбөзү бар. Стамбулдан 120 чакырымдай алыстыкта турган Изник шаары бизге мына ушунусу менен жакын жана кыйынкысталышта кол сунуп, керек болсо өлүмгө баш байлаган бир тууган эл экенибиздин күбөсү катары да сезилет.

Түркиянын жаратылышына суктанбай коё албайсың. Айрыкча кайда барба көкмөк деңиз сени ээрчип жүргөн сыяктуу Стамбулдун кайсы тарабына барба Мрамор, Босфор сууларын көрөсүң. Алардан алыстабай жүрүп отуруп мелмилдеп жаткан Изник көлүнө да жете келдик. Көлөмү жагынан Түркиядагы көлдөрдүн ичинен бешинчи орунду ээлейт экен. Баса, мына ушул Изник көлүнүн жээгинде быйыл 4-көчмөндөр оюну өтпөдүбү. Кыргыз жоокерлеринин күмбөзү турган Изник шаарында кыргыз бренди болгон көчмөндөр оюнунун өтүшү да символикалуу деп ойлойм.

Биздин Изникке саякатыбыздын программасында Кыргыздар күмбөзүнө баруу жок экен. Ошентсе да түрк туугандар кыргыз журналисттеринин каалоосун эске алып, баарыбызды – азербайжан, казак, өзбек коллегаларыбыз менен кошо күмбөзгө алып барышты. Күмбөз жөнөкөй, чакан, бирок айлана-тегереги тосулуп, таза турушу кароосуз калбаганын далилдеп турат. Бирок ушул жөнөкөй, эч бир айырмаланбаган эстелик жети кылым мурдагы тарыхты боюна сиңирип, бабаларыбыздын ченемсиз баатырдыгынын жаңырыгындай адамды толкундантып, бир башкача сезимдерге чулганасың. Күмбөздүн жанында айланатегерекке көз чаптырып 700 жыл илгери мына ушул жерлерде баатыр кыргыз бабаларыбыздын изи калганын элестеттим. Негедир бул жер көзүмө кыргыз жериндей эле көрүндү. Күмбөз эки бөлмөдөн турат. Жерге кыргыз шырдагы салынып турат. Эки тарабындагы секичеде бардыгы 8 саркофаг турат. КТРден барган оператор жигит куран окуп, бабаларыбыздын элесине таазим кылдык.

Кыргыз баатырларынын күмбөзүнүн тарыхына кайрылсак, эки ача маалыматтарды кезиктиребиз. Күмбөзгө кире бериштеги плакатта үч тилде, анын ичинде кыргыз тилинде минтип жазылып коюлуптур: “Бул күмбөз XI кылымдын аягында Изник шаарын жеңип алууга жана Анадолу Сельчук мамлекетинин борборунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыз жоокерлеринин урматына Султан Орхон Казы тарабынан тургузулган”. Бул маалымат боюнча 1081-жылы сельчуктардын Никеяны алуу үчүн салгылашында кыргыз баатырлары жардамга келген деген жыйынтыкка келүүгө болот. Салгылашта сельчуктар византиялыктарды жеңип, Никеяны ээлешет. Кийин кресттүүлөрдүн биринчи жүрүшүндө алардын колдоосу менен кайра византиялыктардын колуна өткөн 1097-жылга чейин Никеяны сельчуктар өзүлөрүнүн борбору кылышкан.

Бирок күмбөз 1332-жылы Орхон гази тарабынан дээрлик 250 жылга жакын мезгилден кийин тургузулганы эмнени айтып турат? Кыргыз баатырлары укмуштуудай баатырдыкты көрсөтүп, жеңиште чечүүчү роль ойногон үчүн ушунча мезгил унутулбай, эл оозунда аңыз болуп айтылып калса керек. 1081-жылы Никея үчүн сельчук-византия согушу мезгилинде Орхон гази эмес, анын атасы Осмон империясын негиздеген Осмон гази да төрөлө элек болсо керек эле. (Негизи Осмон газинин да, Орхон газинин да туулган жана каза болгон жылдары боюнча так маалыматты кезиктире албадым. Жылдары чаташкан маалыматтар бар экен.) Балким кыргыз баатырларынын эрдиги эл оозунда легендага айланып, Орхон газиге чоң таасир бергени үчүн 250 жылдан кийин да аларга урматын көрсөтүп күмбөз тургузушу мүмкүн. Экинчи жагынан алганда Орхон гази 1302-жылдан баштап Никеяны бутага алып, 1328-жылдардан крепостту курчоо аракеттерин күчөтүү менен 1331-жылы Никеяны каратып алганын эске алсак, балким кыргыз жоокерлери ушул салгылашта катышканбы деген да ой келбей койбойт.

Дагы бир жерде Султан Орхандын демилгеси менен кыргыз жоокерлери Изник шаарын чалгындоого катышып, андан кийин катуу салгылашта курман болгон тайманбас кыргыз баатырларынын эрдиги үчүн аларга арналып салынган деген маалымат да учурайт.

Башка бир маалымат мындайча баяндалат: “Улуу Осмон гази Осмон империясын түзгөн учурда Византиянын Азия бөлүгүндө үч негизги шаар болгон: Бурса, Акчакоджа жана бул өрөөндүн борбору – Никея шаары (азыркы Изник). Мына ушул Изник шаарын курчоодо, анын темир дарбазасын түрктөрдүн кошуунуна кыргыздардын отряды жардамга келгенге чейин эч ким бузуп өтө албай коёт. Ал күнү крепость үчүн кармашта кыргыздар алдыңкы катарда салгылашып, крепостко биринчи болуп киришет. Крепостту алууда бардык кыргыз жоокерлери каза болот. Дарбаза ачылып, Изник түрктөргө өтүп, Византиянын императордук армиясы талкаланат. Бул кармашта Осман газинин он миңдеген жоокерлери каза болот, бирок күмбөз кыргыз жоокерлерине гана тургузулган”.

Кандай болгон күндө да бул күмбөз түрк туугандардын улам бир крепостун ээлеп жүрүп отуруп Византия империясын кулатуусунда кыргыз жоокерлеринин кандайдыр деңгээлде салымы болгонун далилдеп турбайбы. Демек, биздин азыркы Түркия мамлекети менен боордоштук мамилелерибиздин башаты тээ тереңге, душманга каршы ийиндеш салгылашкан нечен кылым мурдагы доорлорго барып такалат. Ал эми кыргыз баатырларына арналып тургузулган күмбөздүн тарыхын тарыхчыларыбыз тактап койсо туура болчудай.

Түркия бийлиги бул күмбөздү сактап, оңдоп-түздөп камкордугуна алганы жакшы иш. 2004-жылы күмбөздүн жанына атактуу скульптор Тургунбай Садыковдун кыргыз баатырларына арнап тургузган эстелиги коюлган. Эстелик Кыргызстанда жасалып, ал жакка жеткирилген экен.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Бегим ТУРДАЛИЕВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!