Маданият министрлиги кабарлагандай, Улуттук тарых музейинде “Эл бийлиги – эгемендик жолунда” аталышындагы кѳргѳзмѳ ачылды. Ал Март Элдик революциясынын 20 жылдыгына жана Апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгына карата уюштурулду. Аталган көргөзмөнүн ачылышына КР МКнын Тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, билим берүү, илим тармагынын ѳкүлдѳрү жана студенттер катышты.

