Орус тарыхчы-окмуштуусу Виктор Козодойдун “Эренек сибирь кыргыздарынын беги” аттуу китебинин жарык көрүшү эл үчүн жагымдуу жаңылык болду. Бирок анын китебине карата биздин айрым илимпоз тарыхчыларыбыз сын көз карашта болуп жатышат. Биз тарыхчы Табылды Акеров менен жаңы китеп жана тарыхчылардын талашы туурасында маектештик.
— Табылды мырза, Виктор Козодой биз үчүн кыргыз тарыхын же жалпы эле түрк тилдүү элдердин тарыхын изилдеген окумуштуу катары жаңы ысым. Маалыматтарга караганда ал өмүр бою Россия тарыхын изилдеген окумуштуу экен. Анан кыргыз тарыхын изилдеп калышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?
— Мен Игорь Шестаков деген кыргызстандык политологго Оруссияда тарыхчы досторуң болсо мени менен тааныштырып койсоң, экөөбүз эки жактан катарлаш иштешет элек деп айткан элем. Анан ал мага бир күнү Москвадан профессор Козодой менен тааныштырам деп телефон чалды. Ошентип Виктор Козодой экөөбүз таанышып, бири-бирибиз менен кат жазышып турдук. Бир күнү ал мага “Сибирь тарыхын окуп жатсам Енисей кыргыздарынын Эренек деген бегинин көп кызыктуу окуялары бар экен. Силерде бул жазылды беле, эгер китеп болуп жазылбаса мен жазсам кандай болот, эл кандай кабыл алат?” деп жазды. Мен аябай эле жакшы болмок, ал киши жөнүндө окумуштуулар чөйрөсүндө эле билбесе коомчулукта көбүнесе жакшы билишпейт дедим. Анан ал изилдеп ошол китепти жазды. Жазып жатканда дайыма экөөбүз сүйлөшүп, кенешип турдук. Китеп жазылып жатканда профессор Козодой Фейсбуктан өзүнүн жаңы табылгаларын же болбосо Эренек жөнүндөгү окуяларды, енисей кыргыздары жөнүндөгү китептерди окугандыгынын маани-мазмунун кыскача кылып чыгарып жатты. Ошондо бул жактагы кыргыздар дагы окуп, айрымдары “эмнеге бул жазат эле, империялык долбоор болуп жүрбөсүн, кийин Оруссия бизди басып албасын, бул атайын жасалып жаткан жокпу” деген пикирлер да айтылды. Кыргызстандык тарыхчылар дагы каршы болуп “эмнеге ал жазат эле, Эренектин тарыхы мурда эле жазылып калган, энисей кыргыздары менен тянь-шань кыргыздары бир болгон деп биз жазганбыз деп айта баштады.
Профессор Козодой китебин жазып жатканда бир күнү айтып калды, мен энисей кыргыздары жөнүндө көп маалыматтарды окуп жатам, кийинки китебим сибирь кыргыздарынын цивилизациясы жөнүндө болот, мен ушундай деп жазсамбы деп жатам деди. “Биз дайыма президенттерибиз деле кыргыздар көчмөн цивилизациясынын башатында турган эл деп айта беребиз, бирок аны далилдеп, колубузга карманаар эч нерсе жок. Эгер китеп чыкса аябагандай эле сонун болмок” дедим. Ошентип отуруп биринчи китеби бүттү. Ал китепти чыгаруу боюнча демөөрчүлөрдү таап, китеп кыргыз жана орус тилинде басылып чыкты.
— Кыргыз тарыхчыларына Козодойдун китебинин эмнеси жакпай жатат? Башкача айтканда ортодо эмне талаш бар?
— Илимде бирөөнү бирөө тыя албайт. Эгер башка окумуштууга жакпаса ал андан да мыкты кылып жазып чыгышы керек. Ага эч ким каршылык кылбайт. Бирок мында андай деле көйгөй жок деп ойлойм. Козодойдун китеби илимий-популярдуу стилде жазылган, биздин окумуштуулар аны илимий негизде жазып койсо жаман болбойт.
Бул жерде талаш теорияларда болуп атат. Мисалы, академик Миллер, Бартольд, Гумилев жана башка окумуштуулар кыргыздарды Энисейден этнос болуп жаралып, анан башка жактарга, Тянь-Шанга тараган деп жазып келишкен. Бирок 60-жылдары тарых кичине башкача нукта карала баштаган. Мисалы, Константин Петров деген окумуштуу Бартольддун енисей кыргыздары 840-жылдары уйгур каганатын талкалап, кийин Алтайга, анан Тянь-Шаньга чейин кирип келип, кайра кайтып, анан XV кылымда биротоло көчүп келген деген бышыктоосун бир аз өзгөрткөн. Ал кыргыздар 840- жылы Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга жетишип, анан Алтайды ээлешкен. Бирок, ал жакта алар азчылык болгондуктан кимак, кыпчак урууларына жуурулушуп кеткен. Анткен менен, алар үстөмдүк уруу болгондуктан өзүнүн атын ошол кимак-кыпчактарга берген, анан ошол кимак-кыпчактар кыргыз деген ат менен 15-кылымда Тянь-Шанга көчүп келген деген теориясын жараткан.
Муну биздин В. Плоских, В. Мокрынин, А. Мокеев жана башка окумуштуулар колдоп келген. Анвар Мокеев ошол теорияны өнүктүрүп, өзгөртүп, (эволюциялап) кыргыздар Энисейден Алтайга келип кимак-кыпчак жана башка уруулардын башында туруп, кийин 15-кылымда Тянь-Шанга көчүп келди деген жаңы нукта жазды. Бирок коомчулукта аны түшүнбөй эле Анвар Мокеевди сынга ала башташты. Андан башка дагы бир ата-бала Р. Л. жана И. Р. Кызласовдор негиздеген теория бар. Алардын айтымында Энисейде илгертен хакас деген эл жашаган, ал эми кыргыздар булардын үстүнөн бийлик жүргүзгөн төбөл уруу болгон. Анткен себеби, кытай булактары иероглифте ”р” тыбышы жоктугуна байланыштуу кыргыздарды “хягас” деп атаган. Ошого таянып Кызаласов “хягас” деген биздин ата-бабаларыбыз болгон, а кыргыздар болсо кичинекей гана үстөмдүк уруу болгон деп өзүнүн теориясын жайылтып жүрөт. А бирок ал теория Хакасиядан башка эч жака чыккан жок, 3-4 окумуштуу ошол теорияны колдойт, ошонун негизинде эле хакастар биз байыркы элбиз деп жүрүшөт. Бирок дүйнөдөгү окумуштуулардын баары кытай булактарындагы “хягас” деген эл бул кыргыздар деп ачык, так эле жазып жүрүшөт. Мына ошондой талаштар бар.
— Юрий Худяков да сибирь кыргыздарынын тарыхын изилдеген окумуштуу болгон. Козодойдун көз карашы андан эмнеси менен айырмаланат?
— Юрий Худяковдун теориясында кыргыздардын Энисейдеги 6-кылымга чейинки тарыхы жазылбай кеткен. Анткени Кызыласов анын энисей кыргыздары Энисейде жашаган деп жазышын каалабай экөөнүн көз караштары келишкен эмес. Бирок, Ю.Худяков Энисейдеги Любовь Боровкованын кытай булактарын изилдеп хунну доорундагы кыргыздар азыркы Чыгыш Түркстандагы Карашаар деген щаардын түндүгүндө турган Боро-Хоро талааларына жакынкы тоолордун этегинде турган деп айтканына таянып, хунну доорунда кыргыздар Боро-Хоро талааларында турса керек, анан бешинчи кылымдын аягында Энисейге көчүп кетип, ал жерден динлиндер менен аралашып Кыргыз каганатын орнотушкан. 9-кылымда уйгур каганатын талкалап, Тянь-Шанга көчүп келишкен. Кийин ошо Тянь-Шанга көчүп келген кыргыздардын бөлүгү акырындык менен азыркы кыргыздардын уюткусун же ядросун түзгөн деп эсептейт. Биздин агайыбыз Тынчтыкбек Чоротегин да ушул теорияны колдойт.
Бул теорияны колдосок анда энисей кыргыздарынын б.з. чейинки 203-жылдан баштап б. з. VIк. чейинки 7 кылымдык тарыхы жазылбай, көз жаздымда калып кала турган болуп жатат. Ошондуктан биз, мен өзүмдүн эмгектеримде кыргыздар эки жакта тең жашаган деп жазып жатам. Себеби, тарыхый булактарда кыргыздар чын эле эки жакта тең Энисейде да, Тянь-Шанда да жашаганы айтылат. Мындайча айтканда Бартольддун, Миллердин айткандары туурадай көрүнөт, кыргыздар Энисейде этнос болуп жаралып, андан кийин балким хунндардын доорунда бөлүнүп, жартысы усундар менен Тянь-Шанга келип туруп калышып, экиге бөлүнүп калышкан. Кытай булактарынын кийинки котормолорунда, мисалы Г.Супруненко которгон эмгекте кыргыздар эки жакта тең жайгашкан. Бир бөлүгү Энисейде, бир бөлүгү Чыгыш Түркстанда. Е.Г.Грумм-Гржимайло да 641 –жылкы окуяларды коментарийлеп жатып, йегу-кыргыздарын, хосинь, чумугун уруулары менен кошо Батыш Тюрк каганатына кирген уруулар топтомунда эскерет. Булардын Иртыштан Чыгыш Тюркстанга чейинки аралыкта жайгашкандыгын жазат.
Кыргыздар дайыма турмуш шартка ылайык бирде Энисейге, бирде Алтайга же Тянь-Шанга көчүп жашаган деген ойдомун. Менимче башка тарыхчылардын теориясы деле туура. Болгону бир эле ката — бул тянь-шань кыргыздары 6-кылымда Энисейге барган дейт да, бирок, ага чейин эле Энисейде да кыргыздар болгонун жазышкан эмес. Ушул жер ачылбай калып жатат. Ошого мен бул жерди толуктап кыргыздар Энисейде да, Тянь-Шанда да жашаган деп жазып жатам. Профессор Козодой дагы дал ошондой кылып А.Н.Бернштамдын учурунан бери окумуштуулар ушинтип жазып жүрүшүптүр, кыргыздар Енисейде да, Тянь-Шанда да жашаптыр. Ошол теорияга кайра кайталы деп ушул ойду окумуштууларга сунуштап жазып жатат. Мына ошолорду биз оңдоп коёлу деп эле жатабыз, башка эч талаш да, чатак да жок. И.Златкин, А.Абдыкалыков, Д.Сапаралиев, О.Каратаевдер буга чейин эле енисей кыргыздары Тянь-Шанга XVII-XVIIIкк. көчүп келген, Энисей кыргыздары менен Тянь-Шань кыргыздарынын тыгыз этникалык байланыштары болгон деп жазышкан. Алардын эмгектерине Козодой шилтеме берип жатат. Бирок, Козодой китебин Эренекке арнап, ал тууралуу өзүнчө китеп жазып койду. Болгон «күнөөсү» ошол.
— Профессор Козодойдун Эренекти өзүнчө китеп кылып чыгаруусунун баалуулугу эмнеде?
— Анын эмгегинин баалуулугу биринчиден, ал Эренекти кыргыз беги деп өзүнчө китеп кылып жазып чыкты. Экинчиден, Козодой Эренекти кыргыздарга кайтарып берди. Буга чейин айрым тарыхчылар аны хакас князы деп жазып жүрүшкөн.
Бүгүнтөн баштап аны хакас князы деп жазуу кыйын болуп калды. Себеби, профессор Козодой аны ачык, так кыргыз беги деп жазып жатат. Анан айрым жылдар боюнча хронологиялык тактоолорду киргизип жатат. Анан жаңы архивдик материалдарды кошуп жатат. Мисалы, үчүн ошол кездеги аскердик ведомствонун документтерин – Эренекти жеңе албай коюп, пушкаларды алып барып, кыргыздарга каршы аракет кылгандыгы жөнүндө документтерди ачып жатат. Эми экинчи китеби Сибир кыргыздарынын цивилизациясы жөнүндө болот. Ал боюнча көптөгөн материалдарды чогултуп жатканын айтууда. Анын бул китеби да илимий популярдуу негизде болот. Мында эң маанилүүсү, китептин жазылып калышында. Анан кийин кем-карчын, биздин тарыхчылар өзүлөрү толуктап, илимий негизде жазып алышат.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№104 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 29-декабры