Кыргызстанда 11-12-декабрь күндөрү электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, кыштын келиши менен калк электр энергиясын ченемден ашык колдонууга өттү. Алсак, кечээ 3 миң 612 МВт кубаттуулукта электр энергиясы сарпталып, суткалык керектөө дээрлик 79 млн кВт саатка чейин жеткен. Белгиленгендей, мындай көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Энергетиктер жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.