"Эркин-Тоо"

Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-августта жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон аккан сел суулары Таш-Көмүр шаарынын Токтогул, Зелин көчөлөрүндөгү турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы