Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын түштүк тарабынан мезозой заманындагы динозаврдын калдыктары табылды. Бул тууралуу Илимдер академиясынын кызматкери Жумакадыр Карамолдоев билдирди.
Буга чейин 1966-жылы да Таш-Көмүрдөн алыс эмес жерде динозаврдын калдыктары табылган. 2000-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр — бул зауроподдун (кескелдирик түрдүү чөп жеген динозавр) сөөктөрү экенин аныктаган.
Бул жолу аймактан динозаврдын шыйрагы, омурткасы табылып анын узундугу 63 сантиметрди түзгөн.