"Эркин-Тоо"

Таш-Көмүрдө шаардык соттун жаңы имараты ачылды

 Кечээ, 11-декабрда Таш-Көмүр шаарында шаардык соттун жаңы имараты ишке берилди.  Салтанатка Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев катышты.
Төрага Медербек Сатыев бул күн бир гана Таш-Көмүр шаары үчүн эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү  болуп жаткандыгын белгиледи.
 Анткени, жаңы имаратта бардык шарттар эске алынган. Эки сот отурум залы, архив, балдар үчүн атайын бөлмө каралган. Мындан тышкары сот аткаруучулар менен сот приставдары жана адвокаттар үчүн дагы атайын бөлмөлөр бар. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус коюлган.
«Мамлекет башчысынын колдоосу менен соттордун натыйжалуу иштешине ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат. Жасалып жаткан аракеттердин баары өлкөбүздө адилеттүү сот тутумун калыптандыруу максатына арналган. Эл адилеттик издөөдө сотко гана чоң үмүт артат жана элдин үмүт-тилеги мыйзамдуу чечимдер менен гана канааттандырылышы керек. Андыктан, Таш-Көмүр шаардык соту ак жолтой болуп, мыйзамдуу, негиздүү, акыйкат чечимдерди чыгарып, элдин ишенимин арттырууга болгон бардык аракеттерди көрөт деп ишенем”, — деп белгиледи Медербек Сатыев.
Белгилей кетүүчү жагдай, Таш –Көмүр шаардык соту буга чейин 1970-жылы салынган эски имараттын бир бөлүгүн гана ээлеп иштеп келишкен. Аталган имаратта кызматкерлер үчүн шарттар жок болгон жана бир гана сот отурум залы бар болчу.
Жалпы аянты бир миң чарчы метрди түзгөн жаңы заманбап имаратты курууга 54 млн сомдон ашык каражат жумшалган.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!