"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ташиев: «Байрактар», «Аксүңгүр», «Акынжы» дрондору Түркия менен Кыргызстанда гана бар

Кыргызстанда колдонулуп жаткан аскердик дрондор — «Байрактар», «Аксүңгүр» жана «Акынжы» Түркия менен Кыргызстанда гана бар. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, аталган технологиялар 2022-жылы алынып, алгачкы сатып алууга 50 млн доллар жумшалган. Ошол эле жылы август айында ишке киргизилип, сентябрда чек арадагы куралдуу кагылыштарда пайдаланылган.

«Ошол кезде душмандар мамлекеттин он эки жеринен кирип келген. “Байрактар” алардын оор аскердик техникаларын жок кылып, тазалаган. Бул Баткен элине жана чек ара маселесинин чечилишине чоң салым кошкон», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал чек ара маселеси 1991-жылдагы картага таянып чечилгенин белгиледи.