УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнүн курулуш иштерин текшерип жатып, подрядчы компаниянын жетекчисин камакка алууну тапшырды.
Маалыматка ылайык, аталган көчөнү оңдоп жаткан “Бета Групп” компаниясы белгиленген мөөнөттө ишти аяктай албай жатат. Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жеринде жолугушууда кечеңдөөнүн себебин сураган Ташиевге, компаниянын өз милдетин так аткарбаганы айтылды.
“Мурун да айтылган, тапшырма берилген. Эми жолду убагында бүтүрбөгөнү үчүн жоопкерчилик болот. Курулуш 10-октябрга чейин бүткөрүлбөсө, министрликтин жетекчилери да жоопко тартылат”, — деди Ташиев.
УКМК төрагасынын билдирүүсүнө ылайык, бул маселе көзөмөлдө болуп, иштин сапаты жана мөөнөтү катуу текшерилет.