«Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын маалыматы боюнча, Өзбекстандын Fly Kiva авиакомпаниясы 2025-жылдын 22-июнунан тартып Ташкент — Тамчы (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) багыты боюнча жүргүнчү каттамдарын баштады.
Рейстер 10-августка чейин ар жекшемби күнү аткарылат.
Бул жаңы каттам эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт.