Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна учак каттамы жанданды.
Тамчыга Ташкенттен 50 жүргүнчү учуп келгенин «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Аба каттамы аптасына үч жолу: шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Ташкент-Тамчы багытында учуу убактысы эки саатты түзөт.