"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Ташкенттен Ысык-Көлгө түз автобус каттамы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тарта “Uzautotrans Service” ЖЧКсы Ташкент – Чолпон-Ата багыты боюнча сезондук автобус каттамын ишке киргизет. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каттамдар күн сайын Yutong үлгүсүндөгү заманбап автобустар менен аткарылат. Автобус Ташкент шаарындагы борбордук автобекеттен күн сайын саат 15:00дө жөнөйт.

Билеттердин баасы 300 миң сумду (24 доллардан ашык) түзөт.