"Эркин-Тоо"
Пресс

ТАШОВДУН БАШЫ КЫЗЫЛ-КЫЯДАН КӨРҮНДҮ

«KG ГРУПП» курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов бир учурда ишкер-меценат катары кайрымдуулук иштерин жасап, белгилүү адамдарга бирден батир берип, ар бир облуска кыргыздын желегин илип, мекенчил позициясын билдирип жүрдү эле. Ал ортодо Президенттикке талапкерлигин коюп, Кыргызстандын тышкы карызын тез эле жоюп жибере турган убадаларын берген. Анан эле жок болуп кетти. Баш калаадагы курулуштары токтоп, «KG ГРУПП» курулуш компаниясына алданган жарандар нааразылыгын билдирип чыгышты.

Жакындан бери Имамидин Ташовдун башы Кызыл-Кыядан көрүнө баштады. Шахтёрлордун шаарында тиешелүү мамлекеттик мекемелердин эч кандай уруксат берүүчү кагазы жок, санитардык норма боюнча турак жайларга жол берилгис жакын жерде ОсОО «Асташ ЛТД» ишканасынын шифер заводу бир нече айдан бери иштеп жатканын маалымат каражаттары билдирди. Аталган заводдун уюштуруучусу экөө болсо, бирөө Өзбекстандын жараны Худоерхон Мадалиев, экинчиси кыргыз жараны Сайпжамал Абдукаимова экен. Айрым маалыматтарга караганда, ишкананын өнөктөшү Худоерхон Мадалиевге Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуптур. Ал эми экинчи уюштуруучу Сайпжамал Абдукаимова белгилүү Имамидин Ташовдун апасы болуп чыгууда.

Эч кандай мыйзамга баш ийбей, андан калса кылмышка шектелген чет элдик жаран менен бирге курулган заводдун «не билгени бар?» деген суроо жаралбай койбойт экен.