"Эркин-Тоо"

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды

Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда саат 23:30да “102” кызматына Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челекке желим баштыкка салынган жаңы туулган ымыркай табылганы кабарланган.

Жүргүзүлгөн иш-чара учурунда 2002-жылы туулган А. С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Таштандыдан табылган ымыркай борбор шаардагы №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген, Ымыркайдын абалы туруктуу экени кабарланды.