Бишкекте ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы А. С. боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Ал 11-январга чейин камакта болот.
Бишкек ШИИБден билдиргендей, ал 2 айга СИЗО-1ге киргизилет.
Эске салсак, 8-ноябрь күнү саат 23:30да «102» кызматына Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталаган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (энеси тарабынан жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш ишин козгоду. Милиция баланын энесин таап, кармаган.

