Бишкек шаардык кеңеши шаарды көрктөндүрүү боюнча жаңы эрежелерди бекитти. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Бекитилген эрежелерди шаардыктар жана юридикалык жактар сактоого милдеттүү. Мисалы:
— Унааларды контейнер аянтчаларынын жанына токтотууга тыюу салынат. Бул атайын транспорттун таштанды челектерине жана катуу тиричилик таштандыларын белгиленген график боюнча чыгарууга жолтоо болот;
— Таштандыны 19.00дөн 24.00гө чейинки аралыкта чыгаруу керек. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын унаалары үчүн сутканын күндүзгү убагында таштандыны ташып чыгуу өтө татаал. Андыктан шаарды тазалоо иштери саат 24:00дөн 06:00гө чейин жүргүзүлөт;
— Унааңызды газондорго, жашыл аянттарга жана бак тигилген жерлерге койбоңуз. Бул эрежени сактоо менен сиздер жашыл бак-дарактарды жана “Бишкекжашылчарба” МИнин жумушчуларынын эмгегин баалайсыздар;
— Соода ишинин бардык субъекттери, ошондой эле ташуучулар (сатуучулар) товарларды, тамак-аш азыктарын саат 19:00дөн саат 07:00гө чейин жеткирип берүүгө, түшүрүүгө, кабыл алууга тийиш.