Кечээ Жалал-Абад облустук милициясынын имаратында өз ишинде жана спортто жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкерлер сыйланды. Аларга атайын наам, медаль жана дипломдор ыйгарылды. Сыйлыктарды Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов тапшырып, кызматкерлерди куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Бактыгүл КУЛАТАЕВА
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы