"Эркин-Тоо"

ТАЗА ШАЙЛОО БИЙЛИК МЕНЕН ТАЛАПКЕРГЕ БИРДЕЙ КӨЗ КАРАНДЫ

Бишкектин №26 шайлоо округу боюнча бошогон депутаттык мандатка ээ болгусу келгендердин саны арбып, 32 адам каттоодон өткөн. Бирок алардын арасынан эки талапкер Асылбек Кадралиев жана Азамат Медеров депутаттык жарыштын жарым жолунан кайтып, андан ары баруудан баш тартышты. Ошентип учурда 30 талапкер ат салышып, бактысын сынап көрүүгө бел байлап турушат.

Президент Садыр Жапаров өткөн апта соңунда аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаты мандаты үчүн жарышка аттанган талапкерлер менен жолугушту. Мамлекет башчысынын бир депутаттык мандат үчүн ат салышкан жоон топ талапкерлер менен жолугушуусу албетте көңүлдөн тыш калчу нерсе эмес. Буга Президент алдын ала жооп кылып, кандай гана шайлоо процесси болбосун ал чоң саясий окуя экенин баса белгиледи. Президент айткандай өлкөбүздө ыплас шайлоолордун айынан төңкөрүштөр болуп, элдин бийликке ишеними кеткен. “Мына ошондуктан өткөндөн сабак алып, ар бир шайлоого терең маани берип, тыкыр көңүл буруп, аны ачык-айкын, таза өткөрүшүбүз керек. Элдин бул процесске ишеними болушу үчүн шайлоо маданиятын жогорулатууга жетишүү биздин башкы максатыбыз болушу абзел. Бул үчүн бизде саясий эрк жетиштүү” — деди Президент талапкерлер менен жолугушууда.

Азыркы учурда шайлоонун ачык жана таза өтүшүнө эки гана нерсе жетиштүү: мамлекет башчысынын саясий эрки жана шайлоону жаңы технологиялар менен заманбап уюштуруу. Садыр Жапаров саясий эрки жетиштүү экенин дайым кайталап айтып келет. Ал эми жаңы шайлоо технологияларын киргизүү жагынан Кыргызстан кудайга шүгүр артта калгандардан эмес. Бирок, 2020-жылкы парламенттик шайлоо ченемсиз бурмаланып, элдин катуу нааразылыгын туудурду. Акыйкатта да бул шайлоо элдин ишенимин биротоло кетирди. Андыктан технологиялар болсо да, саясий эрк болбосо шайлоонун “шайтан оюндары” жеңип кетээрин биздин тарых тастыктабадыбы. Садыр Жапаров талапкерлер менен жолугушууда “жаңы шайлоо технологияларын киргизүүнүн аркасында шайлоо процесси жакшырды – ал ачык жана айкын болуп калды. Кандайдыр бир адам фактору жокко чыгарылат» — деди ишенимдүү түрдө. Ал талапкерлерге БШКнын башчысы менен бирге экскурсия жасап, шайлоочуларды идентификациялоонун жогорку IT-технологиялары колдонулган жаңы система кандай иштерин өз көзү менен көрүп чыгууну да сунуш кылды. Кыскасы, саясий эрк бар, добуш берүү процесси да заманбап технологиялар менен жабдылган. Депутаттык мандат кимдин багына туш келет аны 28-майда болчу шайлоонун жыйынтыгы көрсөтөт.

Бул шайлоодо мурда болуп келгендей тиги талапкер “Президенттен бата алыптыр”, тиги “бийликтин кишиси экен” деген күбүр-шыбыр кептердин болушуна негиз жок. Мамлекет башчысы өзү талапкерлер менен арай көз — чарай жолугуп, баарына бирдей ачык “батасын” берип отурат. Ал талапкерлердин алдында шайлоону өткөрүүгө тиешелүү жетекчилердин баарына бир да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер үгүт иштерине аралашпасын”, — деп катуу эскертти.

Жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер келишкен. Талапкерлер үчүн өзүн кызыктырган суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, Президентке ар түрдүү суроолор берилип, жообун алышты.

Чындыгында борборубуздагы №26 Ленин шайлоо округунан депутаттык бир мандат үчүн 32 талапкердин чыгып жатышы шайлоонун таза өтүшүнө кандайдыр ишенимдин бар болгонун тастыктап турган жокпу? 2021-жылы бүт өлкө боюнча көптөн-көп күткөн шайлоодо да бул округдан мынчалык талапкер чыккан эмес. Садыр Жапаров ак көз, кара көз дебей бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүн, эми талапкерлер ошол түзүлгөн шартты бийик жоопкерчилик менен пайдалана билүү зарылдыгын айтты. Ырасында эле шайлоонун таза өтүшү бийликтен гана көз каранды эмес. Талапкерлер добуш сатып алуу айла-амалдарын кылбай мыйзам талабы менен шайлоо кампаниясын өткөрсө, бийлик добуш берүүнүн адилеттигин камсыз кылып берсе таза шайлоо деген ошол эмеспи.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!