Жогорку Кеңештин депутаттары 25-сентябрда парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун колдоп, 84 депутат макул болгон. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин Президент Садыр Жапаров мыйзамдын алкагында шайлоо күнүн 30-ноябрга белгиледи. Ошентип, 30-ноябрда мамлекеттин тагдырын аныктоочу чоң шайлоо болгону турат. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы Жарлыкка кол койгон күнү жалпы элге кайрылуу жасады.
Өлкө жетекчиси сөзүнүн башында парламентти кезексиз таркатуу боюнча демилге көтөрүп, андан кийин ошол маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылыгын билдирди. Чынын айтыш керек, эл өкүлдөрү тарабынан эрктүү кадам болду. Алдыда калган бир жылдык депутаттык доорду эмес, арканды алыс таштап, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлоп, чен-өлчөмсүз иш жасашты. Мандатка тырмышып, “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, шайтан оюндарды уюштурушканда, кийинки жылдагы тогошуп келген шайлоолор өлкөнү опурталдуу кырдаалдарга кептемек. Баарыбыз билгендей шайлоолор бири-бирине кыска аралыкта учкашып өткөнү БШК үчүн гана кыйынчылык жаратпастан, саясий стабилдүүлүккө чоң залакасын тийгизет. Ошого катар келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну өткөнү турат, бул дагы шайлоолорго тоскоолду жаратат. Депутаттар мына ушул жагдай-шарттарды сезип, мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн бир жылдык мөөнөтүн кыскарта чабышты, ал иши алкоого татырлык экенин белгилеп койгонубуз оң.
Баса, кээ бир саясатчылар, оппозициячыл күчтөр жана сыртта жүргөн шүдүңгүттөр бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүлүп жатат деген сөздөрдү да чыгара коюп жатышат. Буга дагы Президент өз жообун берип, бир дагы депутаттан тарагыла деп суранбаганын, эгер кийинки шайлоого талапкерлигин койсо, 90% менен өтөрүнө ишенерин баса белгиледи. Бул ишенимдин чындыгын эч ким жокко чыгара албайт. Учурда Садыр Жапаровду жалпы жумурай журт жапа тырмак колдоп турган кези. 5 жыл мурун 80% элдин колдоосу болсо, азыр андан далай көбөйдү. Айтор, Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда тарашын президенттик жарышка байлоонун өзү эч бир акылга сыйбайт. Бул жерде өлкөнүн стабилдүүлүгү гана турган, депутаттар аны бекемдеп, узак мөөнөттүү саясий стабилдүүлүктү орнотууга салымын кошту. Мындан ары эки шайлоонун ортосу бир жарым жыл аралык менен өтүп турат. Муну менен башкаруу системасы иреттелип, түз жолго салынып, саясий кризистер жоюлду.
Өлкө жетекчиси өз кайрылуусунда буга чейинки шайлоолордогу адилетсиздикке токтолуп, анын жыйынтыгындагы тополоңдор боюнча да айтып, азыркы санарип системасында добушту уурдап алуу же бурмалоо деген нерсе такыр болбостугун белгиледи. Ооба, көз карандысыздыкты алгандан кийинки 30 жыл ичинде үч ирет төңкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыкканын тана албайбыз. Ошол маалда мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анын бирден-бир себеби, шайлоолор адилет өтчү эмес. Үгүт маалында добуштарды сатып алып, шайлоо күнү “карусель” дегенди уюштуруп, таңгагы менен бюллетендерди таштатып, түн ичинде участкалык комиссиянын жетекчилери бийлик тарабынан тандалган талапкердин добушун көбөйтүп, айтор жогор жактагылар өздөрү каалагандай калчап келген.
Азыр эски шайлоо системасы жок кылынды. Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала Камаз менен ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти. Баары санариптешти. Азыр бүт баары түп-тамырынан өзгөргөн. Шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз. Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20.00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет. Андан кийин талапкерлердин байкоочулары жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, кол менен дагы санап чыгышат.
Адилетсиз бийликке каршы чыгып жүрүп жетишкен ийгиликтерибиздин бири ушул шайлоо системасында деп айта кетсек болот. Бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби, биздеги шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташты. Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар. Шайлоонун шайтан оюндарынан ушунчалык тажаган элек, мына эми адам фактору аралашпагандай кылып санариптештирип, автоматташтырып алдык. Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт. Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет.
Эми маселе өзүбүздө калды. Аскар Акаев шайлоолордогу коррупцияга жол ачып, добуш сатмайларга чыйыр салган эле, ал илдеттен азыркыга чейин кутула албай жатабыз. Акыркы жылдарда буга катуу чара көрүлүп, добуш сатып алууга белсенген адамдар кармалып, камалды. Бирок, тамыры кыркылган жок. Эртеңки шайлоодо деле добушту сатып алууга аракет кылгандар чыкпай койбойт. Биз мындай коомдун өнүгүүсүнө жолтоо болгон жат көрүнүшкө каршы турушубуз керек. Президентибиз да кайрылуусунда муну баса белгиледи.
“Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бердик. Эми сиздер таза шайлап үйрөнүңүздөр. Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар. “Жол, мектеп, бала бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт. Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр.
Талапкерлердин дагы бир түрү болот. Алар тили менен буудай кууруйт, бирок колунан эч нерсе келбейт. Андай депутаттарды да көрдүңөр, көрүп эле жүрөсүңөр. Алардан да сак болгула. Кыскасы, бул шайлоодо дагы “баягыларды” шайлап алып, 5 жыл бою “депутаттар – акмактар” деп наалыбагыла. Наалысаңар өзүңөргө наалыган болосуңар. Кимдерди шайласаңар да, алар силердин өзүңүздөрдүн 5 жылдык депутатыңар болот. Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген баш аламан система жок. Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар. Биз, бийлик “талапкерди эл өзү тандап алсын” деп толук шарт түзүп бердик. Эми өзүңөр жаңылбай тандап алып, анан шайлаңыздар. Бул жолу чыныгы элдик өкүлдөрдү, өзүңөрдүн өкүлүңөрдү шайлайсыздар” деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы айыл өкмөттөн баштап Министрлер Кабинетинин Төрагасына чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрылып, шайлоого аралашпагыла деп катуу эскертти. Кимде ким аралашкан болсо, “кызматтан кетип эле тим калбайт, катуу жазасын алат” деди. Ооба, талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салынбайт.
Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере берсеңиздер болот. Бирок, үгүт иштерине катышпашы керек. “Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам” деп чуркагандар болсо, тилеги таш кабат. Анткени, шайлоону калыс катары башынан аягына чейин Президент өзү көзөмөлдөйт. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзү барып катышып же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилерин жибере тургандыгын белгиледи. Бул шайлоо тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керектигин билдирди. Кыскасы, Президентибиз аракет кылып жаткан соң биз дагы колдоп, ошого умтулалы. Таза шайлоодо татыктууларды алып келип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу.
Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев:
— Президент абдан мазмундуу кайрылуу жасады. Сөзүнүн арасында жеке өзү арбитр болуп бергенге даяр экенин, шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуулар болсо өзү көзөмөлдөй турганын билдирди. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого үндөдү. Биздин тарыхта аткаминерлердин кийлигишүүсүнүн натыйжасында шайлоолордогу адилетсиздиктин айынан үч революция болгон. Эми мындайга жол берилбеши керек. Албетте, жылдан-жылга жакшы жагына өзгөрүп баратабыз. Шайлоо системасы санариптешип, коррупция жана сатып алуу дегендерге бөгөт коюлду. Экинчиден, элдин дагы аң-сезими өсүп жатат, көп нерсеге түшүндү. Маселен, талапкерлер мектеп, бала бакча салып берем десе ишенбейт. Президенттин тапшырмасынын негизинде өкмөт сала тургандыгын билип калды. Эми тандоону жакшы жасашыбыз керек. Ооба, парламент тараганда “бул депутаттар иштеген жок” деп наалыйбыз, анан шайлоодо кайра эле ошолорду шайлайбыз. Демек, маселе бизде. Жоопкерчилик шайлоочуларда. Менин добушумдан эмне өзгөрмөк эле дегендер бар. Ошолордун добушу чогулуп келип билими жок, жеке өзүнүн көйгөйү менен шугулданган депутаттардын шайланышына жол берүүдө. Андай кемчиликке жол бербешибиз керек. Президент өзү кайрылып, аткаруу бийлигине талаптарды коюп, жалпы журтка өтүнүчтөрдү айтып, таза шайлоо өткөрүүгө кызыкдар экенин көрсөттү. Биз да ошого карай түздөлүшүбүз зарыл.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров:
— Президентибиз Садыр Жапаров кайрылуу жасап, 30-ноябрдагы шайлоого жеке өзү арбитр болорун жана таза шайлоо өтүшүн камсыз кыларын белгиледи. Ошого катар мамлекетибизде саясий туруктуулук орногонун айтып, татыктууларды шайлоо менен өнүгүүгө карай кадам шилтейли деди. Муну колдошубуз керек. Менимче, алдыдагы шайлоо таза өтөт жана парламентке чыныгы элдик депутаттар келет. Президент баса белгилегендей, шайлоого бардык шайлоочулар активдүү катышып, добуштарын өздөрү тандаган татыктуу талапкерлерге бериши кажет. Алдыдагы шайлоо, Кыргызстанды өнүгүү жолунда дагы бир тепкичке жогорулата турган шайлоо экенин унутпайлы.
Зулпукаар Сапанов