"Эркин-Тоо"

«Таза суу» долбоорунун «чыла» иштери

Суу чарба кызматынын башчысы Алмазбек    Сокеев парламенттин бюджет комитетинин жыйынында «1071 айылда ичүүчү таза суу көйгөйү бар”, деп билдирди. Анын айтымында, аталган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражат керек экен. Бул маселе толугу менен качан чечилери болжолдуу гана айтылды. Кыргызстанда калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштери 2000-жылдары башталган. Бүгүнкү күнгө чейин ушул тармакка эл аралык донорлордун, республикалык бюджеттин эсебинен миллиондогон доллар каражат жумшалды. Өкүнүчтүүсү, өлкөдө 1914 айыл бар деп эсептесек, 24 жылдын ичинде бар болгону жалпы айылдын жарымы гана ичүүчү таза суу менен камсыз болгон турбайбы. Бир сөз менен айтканда, “сандардын чатагы” дал ушул жерде кездешет. Анда эмесе сөз ирети менен болсун.

Ушул тармакка ким жетекчи болуп келбесин, “Иштеп эле жатабыз” дейт, бирок, карапайым элибиз дале ичүүчү сууга зар. 2001-жылы “Таза суу” долбоору ишке киргенин эстейли. Долбоорго алгач Азия өнүктүрүү банкы 69,5 млн АКШ долларын бөлүп иш башталган экен. 2001-2013-жылдары 545 айылда суу түтүктөрү курулуп, ишке берилди дешкен. Бирок, айылдарга таза суу толугу менен жеткен эмес. Ошондуктан, Азия өнүктүрүү банкы долбоорду каржылоону токтоткон. Алардын негизги талабы – коррупцияны жоюу, мыйзам бузган күнөөлүүлөрдү жазалоо болгон. Ошол учурдагы Акыйкатчы институтунун отчетуна ылайык, каражатты максатсыз пайдалануу боюнча 26 кылмыш иши козголуптур. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2004-2006-жылдар аралыгында козголгон 18 кылмыш иши боюнча дээрлик 47 миллион сомдук зыян келтирилген. Тергөө учурунда 4 миллион сому гана кайтарылган.

Мунун бирден бир себеби, долбоорду ишке ашырууда бийлик тарабынан болуп көрбөгөндөй кайдыгерликке жол берилген. Курулуш уюмдарын, долбоорлоо институттарын тандоодо, долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөгө “ат үстүнөн” мамиле жасалган. Айрым маалыматтарга караганда, долбоордун алкагында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендерден утуп алган көптөгөн ишканалардын материалдык-техникалык базасы, жада калса кеңселери, телефондору жок экенин, ири суммадагы акчаны коротуп, ишти аягына чыгарбай коюшканын өкмөт бир нече жолу айткан жайы бар. Кай бир жерлерде санитардык нормаларга жооп бербеген эски түтүктөрдү орнотуп койгон фактылары, техникалык-экономикалык негиздемеси жок курулган суу түтүктөрүн сел жеп кеткен учурлары кездешет. Айтор, “Таза суу” долбоорунун “чыла” иштерин айта берсе кагаз бети чак келбес. Бирок, мына ушундай мыйзам бузууларга карата бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөй, жогорку кызматтагылардын бири дагы жазага тартылган эмес. Ким канча алган, акча кайда кеткенин далилдеп айтып берчү мамлекеттик орган азырынча чыга элек.  “Таза суу” долбоорунун ийгиликсиз ишке ашырылуусуна түздөн-түз жооп бере турган чиновниктер бир аз чочуламыш этпесе, аттан түшкөнү менен ээрден түшпөй, “сүттөн ак” болуп жүрүшкөнү канча.

Жогоруда айткандай, жыл сайын калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча отчеттор байма-бай айтылып келет. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча 2001-2013-жылдары 545 айылда таза суу түтүктөрү курулуп, 1 миллионго жакын адам борборлоштурулган таза суу менен камсыз болсо, 2014-2022-жылдар аралыгында 244 айылда таза суу түтүктөрү курулуп, анын натыйжасында 684 миң адам таза суу менен камсыз болгон. 2023-жылы 50 айылда тиешелүү инфраструктуранын курулушу аяктаган дегендей маалыматты таратышкан. Калкыбызды таза суу менен камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Кытай мамлекетинин гранты жана башка толгон-токой каржылык колдоолор болуп келиптир. Анда эмнеге ушул тармакты тейлеп келген Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, “ар бир бешинчи айылдык калктуу конушта таза суу түтүктөрү таптакыр жок” деп айтып келишет? Ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу программасынын ишке киргенине 23 жылдан ашык убакыт өтсө аталган тармак дале аксап келе жатат. Эмнеге?!

Калкты таза суу менен камсыз кылуу бүгүн деле курч коюлуп келет. Анткени, буга чейинки ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы мамлекеттик саясат ырааттуу жана натыйжалуу болгон эмес. Буга ичүүчү таза суу долбоорун ишке ашыруу долбоорун ар башка структураларга, тагыраагы, Айыл чарба министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, АРИС жана Суу чарба кызматына баш ийдириши иштин натыйжалуулугуна кедергисин тийгизген десек болот. Мындай көрүнүш, албетте коррупциялык элементтерди аныктоо боюнча маалыматтарды алууда кыйынчылыктарды жаратары талашсыз.

Айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун эң башкы максаты – калктын саламаттыгына кам көрүү болуп эсептелет. Азыр элет жериндеги көпчүлүк калк кудук казып алып, суу ташытып ичишүүдө. Бул канчалык деңгээлде санитардык нормага жооп берээрин аны иликтеген мамлекеттик орган жок. Карапайым калк аргасыздан ушундай жолго барууда. Ушундан улам, 24 жылдан берки “Таза суу” долбооруна чегерилген эл аралык каржы уюмдардын насыялары кандай колдонулду иликтөөнүн учуру келди окшойт.

 

    Шекербек Калыков