"Эркин-Тоо"

Тазабек Икрамов активисттердин камалышын, ЖМКга басым жасалганын сындады

Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов активисттердин кармалышы жана массалык маалымат каражаттарына басым жасалганы боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, активисттер өз оюн эркин айта алышат. Буга Конституция жол берет.

«Конституциянын 10-беренесинде так жазылган: Жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат алууга, аларды жайылтууга, сөз эркиндигине кепилдик берилет. Кыргызтанда цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзам чегинде жүргүзөт. Кыргызстанда маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот. Аларды жабуу туура эмес, мамлекетке коркунуч туудурбайт. ЖМКга, журналистикага да кысым болуп жатат. Биз Конституция менен жашабайбыз, ага карама-каршы иштер жасалып жатканы туура эмес болууда», — деп белгиледи депутат.

Икрамовдун айтымында, Конституция боюнча мамлекет “Азаттыкты” жана өз оюн эркин айткандарды коргошу керек болчу.

“Мындай болбой жатат, сөз эркиндигине кысым болуп жатат”, — деди ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!