Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун казино боюнча мыйзам долбоору добушка коюлган күнү Чолпон-Ата шаарында болсо дагы «макул» деп добуш бергени талкууланууда.
Эл өкүлү бул боюнча жергиликтүү басылмалардын бирине комментарий берди.
«Мен оозеки дагы, кат түрүндө дагы эч кимге ишеним кат берген эмесмин. Бул эми берилген добуш мыйзамсыз. Мен Ысык-Көлдөн барган соң кайсы депутат мага добуш бергенин териштирем», — деди Икрамов.