Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө президентине мурдагы депутат Тазабек Икрамовдун ордуна №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштайт.
Буга чейин Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган Тазабек Икрамов өз каалоосу менен мандатып тапшырганы белгилүү болгон.
Анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызы бүгүн Борбордук шайлоо комииссиясынын жыйынында каралган.
Анын жыйынтыгы менен БШКнын мүчөлөрү Икрамовдун арызын бир добуштан колдоп, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.