Кыргызстан акыркы жылдары коопсуздук жана коомдук тартипти бекемдөө багытында олуттуу кадамдарды жасап жатканына жалпы дүйнө коомчулугу күбө болуп келет. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтордун таасири кескин кыскарып, өлкө ичинде укуктук тартипти сактоо күчөп жаткандыгы – дүйнө элинин, инвесторлордун жана саякатчылардын көңүлүн өзүнө буруп, ишеним жаралганы жакшы көрүнүш болду. Жакынкы эле 4-5 жыл мурда республиканын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун чечимине байланышкан кооптуу жагдай коомдук жана экономикалык жашоонун бардык тармагына таасир берип, карапайым элдин мамлекеттик бийликке болгон ишенимин солгундатып келген. Ишкерлер каракчылык, рейдерлик басып алуулардан кооптонуп, жергиликтүүжана чет өлкөлүк капиталдын биздин мамлекетке болгон агымы үзгүлтүккө учураган. Уюшкан кылмыштуу топтордун таасиринен жеке эле экономикалык тармак жабыркабай, туризм тармагы да эркин өнүгүүжолуна чыга албай, Кыргызстан табигый кооздугу менен дүйнө коомчулугуна мактанганы менен коопсуздук маселеси биринчи орунда болуп, эс алуучуларды кабыл алган аймактык туристтик агенттиктерде, келген коноктордо кооптонуу дайыма болуп келген.
Бүгүнкүкүндө мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан коопсуздук саясатынын, мамлекеттик күч түзүмдөрүнүн профессионалдуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасында кылмыштуу топтордун таасири жоголуп баратканы абдан жакшы көрүнүш. Эл ичинде коопсуздукка болгон ишеним жогорулап, карапайым жарандардын укуктары корголуп, ар тараптан ишкердүүлүк өнүгө баштаганын караламан эл өзүкөрүп, күбө болуп жатат. Кыргызстандын табигат тарабынан берилген кооз жаратылышы, тоолору, дарыялары, көлдөрү, тарыхый жайлары – чет өлкөлүктөр үчүн бейиш сыяктуу көрүнөт. Бирок коопсуздук маселеси буга чейин бул потенциалды толук пайдаланууга тоскоол болуп келгенин ким жокко чыгара алат?! Азыркы учурда эл аралык уюмдар да өлкө ичинде коомдук тартип, коопсуздук маселесин жогору баалап жатат. 2024-жылдын эсеби боюнча Кыргызстанга келген туристтердин саны 20%га өссө, 2025-жылга 50%га өсөрүболжолдонууда. Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан отелдер, этно-жайлар, бүтүндөй Кыргызстан боюнча турфирмалар менен гиддердин ишмердүүлүгүжанданып, тейлөөнүн жакшырганы келечектен дагы көптүүмүттөндүрөт. Эл аралык авиакомпаниялар да каттамдарын көбөйтүп, аба жолу менен келүүжеңилдетилип жатканы жакшы көрүнүш.
Коопсуз жана туруктуу өлкө – инвестиция салуу үчүн негизги фактор. Кыргызстандын жаңы жүзү– ачык экономика, коррупцияга каршы күрөш жана укуктук коопсуздук – көптөгөн инвесторлорду кызыктырып жатканы маалым болууда. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле түз инвестициялардын көлөмү12%га өскөнүрасмий катталган. Анын ичинде туризм, айыл чарба, экотехнология жана кайра иштетүүтармактарында жаңы долбоорлор ишке кире баштаган. Араб өлкөлөрүнөн, Түркиядан, Кытай жана Европа мамлекеттеринен келүүчүинвестиция агымы – бул чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргызстанга болгон ишениминин көрсөткүчүдеп айтууга болот. Кылмыштуулуктун азайышы – бир гана күч түзүмдөрүнүн эмес, коомдун өзүнүн өзгөрүүсүнүн натыйжасы. Бүгүнкүкүндө жаштар арасында укуктук сабаттуулук жогорулап, мыйзамды урматтоонун мааниси жайылтылууда. Жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары жана билим берүүсистемасы бул жараянды элге жеткирүүдө активдүүроль аткарып жатат. Кыргызстан мыйзам диктатурасы, коопсуздуктун камсыздалышы жана кылмыштуу топтордун таасиринен арылуу жолу менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдүачып жатат. Кыргызстандагы туризм жана инвестиция тармактарындагы өсүш – бул дүйнө коомчулугунун биздин өлкөгө болгон ишениминин эң ачык көрүнүшү. Мындан ары Кыргызстан ич ара гана эмес, дүйнө жүзүндөгүбашка мамлекеттер үчүн да ишенимдүүөнөктөш, коопсуз өлкө катары тааныла берерине зор үмүт бар.
Бахпурбек Аленов

