"Эркин-Тоо"

Тажикстанда 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 23-мартта коңшу Тажикстанда очогунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кыргызстандын түштүк аймагында дагы сезилгенин Сейсмология институтунан кабаралады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө түнкү саат 02:07де болгон. Жер титирөөнүн очогу 10,7 миң калкы бар Тажикстандын Рашта шаарынан 51 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ал эми Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Сүлүктү жана Исфана шаарында 5 балл, Баткен шаарында 4 балл сезилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!