"Эркин-Тоо"

Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

2023-жылдын 4-августунан 10-августуна чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Душанбе шаарында болуп өттү.

КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кыргызстан жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Кыргызстандын аймагында болоору пландалууда.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!