6-август күнү «Душанбе-Куляб-Хорог» унаа жолунда Куляб шаарынын аймагында ири жол кырсыгы катталды. «Дулон» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тормоз системасынын иштен чыгышынан улам бир нече жеңил унааларды жана эки турак жайды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 13төн ашуун адам каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алган.
Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы кырсыкта каза болгондор мындан да көп болушу мүмкүн экенин, анткени айрым жабырлануучулар талкаланган автоунаалар менен үйлөрдөн чыгарыла электигин билдирди.
Тажик Президенти Э.Рахмондун тапшырмасы менен окуя болгон жерге Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министри, Хатлон облусунун башчысы жана башка расмий адамдар жөнөп кетишти.
КР Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча каза болгон жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.