"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Тажикстанда ЖККУ өлкөлөрүнүн стратегиялык машыгуулары өтөт

Бул туурасында кечээ журналисттер менен болгон маалыматтык жыйында уюмдун Бириккен штабынын начальниги Анатолий Сидоров билдирди. Машыгуулар Афганистан менен чек арада коркунучтардын өсүп жатышына байланыштуу өткөрүлөт. А.Сидоровдун айтымында, машыгууларга 70 миң адам катышат. Быйыл жалпысынан Тажикстандын аймагында уюм төрт ирет машыгууларды өткөрөт.