"Эркин-Тоо"

Тажикстандагы зилзаладан бир наристе каза болду

Тажикстанда улам кайталанган жер титирөөлөрдүн натыйжасында 94 үй толугу менен жараксыз абалга келип, үч жашар наристе каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Бүгүн саат 05:44тө Душанбе шаарынан 156 чакырым чыгыш тарапта дагы жер титиреп, очогунда күчү 3-4 магнитудага жеткен.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин кризистик кырдаалды жөнгө салуу борборунун маалыматына караганда, Рашт районунда үч жашар наристени үйдүн дубалы басып калып каза болду. 200дөн ашык көмөкчү имараттар жарым-жартылай талкаланган же бузулган, анын ичинде медициналык пунктулар, мектеп жана чайкана бар.

Эске салсак, 13-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:24тө Тажикстандын аймагында магнитудасы 5-6га жеткен жер титирөө катталган.

Анын очогу Душанбе шаарынан 160 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Магнитудасы 4кө жеткен экинчи жер титирөө саат 12:14тө болгон. Үчүнчүсү 13:33тө болуп, магнитудасы үчтү түзгөн.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасынын негизинде вице-премьер Сулаймон Зиёзоданын жетекчилиги астында республикалык комиссия түзүлгөн.