Кыргыз-тажик чек арасынын такталышы, эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген келишимдер алгачкы жемишин бере баштады. Алсак, 16-март жекшемби күнү “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Тажикстандын Худжанд шаарына аба каттамын ачып, техникалык рейс жасады. 1 саат 15 мүнөткө созулган каттамды мамлекеттик компаниянын Dash 8 Q400 учагы аткарды. Эске салсак, буга чейин Худжанд шаарына Кыргызстандан каттамдар аткарылган эмес. Андыктан, жергиликтүү эл, бийлик өкүлдөрү каттамдын биринчи жүргүнчүлөрүн урмат-сый менен тосуп алышты.
Белгилей кетүүчү жагдай техникалык рейстин биринчи жүргүнчүлөрү үчүн адаттан тыш көрүнүш катталып, коңшу өлкөнүн тышкы иштер министрлиги аларга шаар кыдырууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Алгач, кыргызстандык коноктор медиа өкүлдөрү, турфирмалардын адистери жана блогерлер Тажикстандын тарыхындагы негизги ролду ойногон “Арбоб” маданий ордосуна баш багышты. Бул маданий жай өзүнүн уникалдуулугу менен белгилүү. Анда өлкө эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда граждандык согуш башталып, тажик эли айласын таппай, карайлап турганда “Тынчтык конференциясы” өткөн. Ошол сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик элинде тынчтык орноп, өнүгүү башталган. Тажик элинин жашоо-турмушунда негизги ролду ойногон бул ордого болгон сапар кыргызстандыктарды кайдыгер калтырган жок.
Андан соң, VIII-X кылымдарда негизделген, Улуу Жибек жолунун негизги чептери катары белгилүү болгон “Худжанд чебине” саякат уюштурулду. “Худжанд чеби” чыгыш маданиятын, тажик элинин жашоо образын, архитектурасын, устачылык өнөрүн мыкты жагынан көрсөткөн чеп экендигине күбө болдук.
Негизи эле Худжанд шаары Тажикстандын эле эмес, бүтүндөй Орто Азиянын тарыхый аймактарынын бири. Бул шаар туристтер кызыгып көрө турчу кооз жайлары, VIII-X кылымдарга таандык чептери, мавзолейлердин арбындыгы менен кызык. Шаардын элинин мүнөзү жана жашоосу чыгыш элинин колоритин сактаган. Базарлары, маданияты да баштапкы абалындай эле сактай алгандыгы менен мактана алат. Кызыгы, Худжанд Кыргызстандын Лейлек районуна чектеш жайгашкан. Кыргызстан менен Тажикстан союздук 15 республиканын катарына кирип турган мезгилде лейлектик кыргыздар шаардын борбордук көчөсүндө үйлөнүү үлпөт кортеждери менен сейилдөөгө чыгып турушканын кулагыбыз чалды. Андыктан, жергиликтүү эл чек аралар такталып, абакаттамдар жандангандан кийин Лейлек эли менен мурдагыдай эле катташууну каалай тургандагын билдирди.
“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын башкы директору Жолдошбек Айдаралиев:
- Эки өлкөнүн чек арасынын такталышы боюнча келишимдерге ылайык Тажикстан тарап Душанбе — Бишкек. Бишкек- Душанбе” авиакаттамын ачууну колго алышты. Ал эми Кыргызстан тарап тарыхый шаар Худжандды тандадык. Анткени, шаар туристтер үчүн өтө кызык. 8-апрелден тарта авиа каттамды толугу менен ишке киргизгени турабыз. Ал эми жай айында “Каракол-Худжанд. Худжанд-Каракол” “Тамчы-Худжанд. Худжанд-Тамчы” каттамдары ачылышы күтүлүүдө. Бул каттамдар туризмди өнүктүрүүгө, эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдап, жакындаштырганга шарт түзөт. Азырынча Бишкектен Худжандга болгон каттамдар жумасына бир жолу аткарылат. Кийинчерээк көбөйтүү планы бар.
Нигматулло Мирсаидов, ардагер журналист:
- Мен Кыргызстан менен чектеш аймакта төрөлүп өскөнмүн. Кыргыз балдар менен бир мектепке барып чоңойдук. Азыр ал досторум менен кабарлашпай калганбыз. Андыктан, чек аралардын ачылышы жеке мен үчүн жагымдуу болду. Негизи эле тажик эли чек аралардын такталышын жакшы кабыл алды. Келишимдердин алкагында биз тараптан да айрым айылдардын жашоочулары башка жерлерге көчүрүлөт. Ошол элди көчүрүү иштери ийгиликтүү аткарылып бүтүшүн каалап турабыз.
Шахноза, Худжанд шаарынын тургуну:
- Худжандга ачылган аба каттамдын жүргүнчүлөрүн көрүп, аябай кубанып турам. Жаштар үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк. Бизге жакшы алака, билим-илим жаатындагы кызматташтык керек. Мен айтылуу Ысык-Көлгө барып, Бишкекти көргүм келет. Аба каттам жаштар үчүн өтө жакшы шарт түзөт. Эки өлкөнүн президенттерине ыраазычылык билдирем.
Жазгүл Кенжетаева