"Эркин-Тоо"

Тажикстандын кол салуусу: Лейлек районунда 16 мектеп иштебей турат

Лейлек районунда 16 мектеп жана 15 бала бакча убактылуу иштебей турат. Бул тууралуу Баткен облусунунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда Лейлек районунда жана чек арага жакын аймактарда абал туруктуу. Райондун аймагында жалпы 66 мектеп жана 53 бала бакчанын ичинен 50 мектеп жана 38 бала бакча толук иштеп жатат. Ал эми чек арага жакын айылдарда 16 мектеп жана 15 бала бакча ишин убактылуу токтотуп турат, окутуулар онлайн жүргүзүлүүдө.

“Эвакуация болгондорго гуманитардык жардам жеткирүү, күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуу боюнча бизде көйгөй жок. Бишкектен жана Оштон келген дарыгерлер жабыркагандарга медициналык жана психиологиялык жардам көрсөтүшүүдө. Лейлек районунда 102 турак үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 1 айыл өкмөттүн имараты толугу менен, 1 ФАП, 34 дүкөн, 1 жеке медициналык клиника, 5 ашкана, 1 соода борбору, 2 кампа жана 2 дарыкана жабыркаган. Учурда райондун аймагында сапёрлор тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө, 80% тазаланып калды”, — деди ал.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!