"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Тажикстандын жана Өзбекстандын өлкө башчылары Кыргызстанга келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, өлкө башчылары Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келишти. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.