"Эркин-Тоо"

Теңир-Тоодо иштөөгө кимдер кызыкдар?

Соңку жылдары жарандарыбыздын кимиси болбосун жакшы маянага туйтунуп иштеп, келечектеги пенсиясына карай эртелеп кам көрүшкөнү, мындай катмарда жаштардын жоон тобу бар экендиги кубандырбай койбойт. Каржылык жактан капчыгын белендөөнүн өзү кимге жакпасын?    

Албетте, жогорку көлөмдөгү айлык-акыдан салык, өзгөчө социалдык фондко тийиштүү төлөмдөр да жакшы көрсөткүчтө которулаары, мунун аркасында келечектеги мамкызматкерлерге пенсия да буга чейинки топтоосуна жараша чегерилери анык. Бир жөнөкөй мисал, өткөн жылы өмүр бою Нарын облусунда сот болуп иштеген фемида өкүлү пенсияга чыккан. Жоро-жолдоштору менен эс алып отуруп, мамлекет чегерген пенсияга ыраазы экенин, ушул тапта колуна 150 миң сомго жакын алаарын жакындарына жар салганы бар. Мындай көлөмдөгү пенсияны учурда мамлекетти башкарган мурдагы жетекчилер да алышпаса керек.

Маселен, шарты катаал Нарын облусунда бийик тоолуу аймакта жашагандыгы үчүн эркектер белгиленген жаш курагынан 8 жыл, аялдар 13 жылга (3 балалуу айымдар) эрте чыгышат. Мындан 5-6 жыл мурда ички иштер министрлигинде эмгектенген кызматкерлер арасында ротациянын эпкини менен башка аймактан Нарын облусуна которулууга кызыкдар кызматкерлердин саны көп экени белгилүү болгон. Атайын ички сурамжылоодо алар мындай себебин, башка аймактарга салыштырмалуу Теңир-Тоодо айлык-акынын көлөмү, 1 жыл иштегени 2 жылга болуп эсептелерин, а эң башкысы мындай кадам келечектеги пенсияга болгон камылга экенин ачыкташкан. Күч органдарында соңку жылдары Нарынга барып иштегиси келген кызматкерлер үчүн кадрлар башкармалыгы атайын комиссия аркылуу дыкат текшерүүгө алып, белгилүү мөөнөттөн ашырбай ар биринин жылдык иштөө мөөнөтүн көзөмөлгө алышкан.

Бир жөнөкөй мисал, атын атагысы келбеген прокуратура кызматкери жакында Бишкектен Ысык-Көлгө ротация менен которулуп барат. Барганына аз убакыт болгонуна карабай ал алдыда кандай шарт болсо да Нарынга которулуп кетүүгө кызыкдар болуп жаткандыгын, Теңир-Тоого иштөө буйрук болсо өмүрүнүн акырына чейин тоолуу аймакта иштеп, пенсияга чыгып, мал күтүп, чарбачылык кылууга каалоосу күч экенин жашырбайт.

Өлкөдө айлык акынын көбөйүшү менен Теңир-Тоо өрөөнүндөгү мамлекеттик кызматкерлерге, өзгөчө коргоо, коопсуздук жана укук тартиби жаатында иштегендерге бийик тоолуу аймак үчүн маянага кошумча каражатты (коэффициент) кошуп эсептегенде өлкөбүздүн башка аймактарына салыштырмалуу айлыктар жакшы деңгээлде экени белгилүү. Мындай шартта а түгүл борбордо эмгектенгендерден бери Нарын өрөөнүнө барып иштөөгө кызыкдар кызматкерлердин саны өскөнү айтылып келет.

Өлкөбүздүн мыйзамдарында белгиленген тартипте бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы шарттарда жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине эмгек акыга райондук коэффициент жана кызматтык маянага пайыздык үстөк акы төлөө кепилдиги бар (КР өкмөтүнүн токтомуна ылайык 50% райондук коэффициент каралган). Мамлекеттик кызматка ачыктык жана бирдей жеткиликтүүлүк принцибин камсыз кылуу максатында мамлекеттик кызматтын бош администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө сынактык тандоо ченеми киргизилген. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка алууда өлкөбүздүн мыйзамдарында белгиленген тартипте ачык сынактар жарыяланып, жарандар тең укуктуулук принцибинде катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Жыйынтыгында Нарын облусуна келип иштөөгө кызыкдар жарандар сынак аркылуу катышып жатышканын, учурда Нарынга башка аймактардан келип иштеген кызматкерлер бар экендигин облустук бийликтен маалымдашты.

Учурда Нарын облусунда мамлекеттик жана муниципалдык органдарында 24 ваканттык орундар бар. Облустук бийликтин маалыматы боюнча Теңир-Тоо өрөөнүндө айрыкча, заман талабына ылайык геология, инженер-техник, курулуш, IT адистери, эколог, психология боюнча адистер, архитектор жана башка тармактар боюнча кадрларга муктаждык күч экен. Кадрдык таңкыстыктын эпкини өзгөчө ак халатчандардын арасында күч экенин ушундан билиңиз, ушул күндөрү Нарын облусунда 151 дарыгер жетишсиз экени маалым болду. Мындай кадрдык таңкыстыкты чечүү максатында Теңир-Тоодо “Ваучердик билим берүү” долбоору ишке ашырылып, облус боюнча 10 студент менен 3 тараптуу келишимдер түзүшкөн. Анын алкагында студенттер И.Ахунбаев атындагы кыргыз медициналык академиясынан билим алышып, алардын окуусу үчүн келишимдик төлөмдөр жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Ошондой эле дарыгерлерди социалдык жактан колдоо максатында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан турак-жайга шарт түзүү максатында учурда Нарын шаарында 216 батирлүү ипотекалык турак жай куруу алдында турат. “Кадрдык таңкыстык күч” деп алакан жайып отурбай, маселени ушундай өңүттө болсо да чечүүгө далалат кылган облус жетекчилигинин мындай кадамын алкап койсо да жарашат. Ошол эле маалда социалдык өнүктүрүү жана миграция кызматынын, мамлекеттик кадр кызматынын облустук бөлүмдөрү менен башкармалыктары кадрдык боштукту толтурууда тиешелүү деңгээлдеги иштерди жүргүзө албай жатышканын да белгилеп кетүү абзел.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№26 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 5-апрели

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!