"Эркин-Тоо"

Театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук сыйлыгы тапшырылат

«Эргүү» сыйлыгы бул жылы 27-март — Театрдын эл аралык күнүнө карата тапшырылат.

Сыйлык тапшыруу салтанатынын алдында саат 16:00дө «Ала-Тоо» аянтынан азем өтө турган жай — Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына чейин жөө жүрүш уюштурулат. Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 17:00дө, майрамдык бөлүгү саат 18:00дө болот.

Кыргыз театр ишмерлеринин «Эргүү» улуттук сыйлыгы жыл сайын театр искусствосуна эмгеги сиңген инсандарга (актёр-актриса, режиссёр, декоратор ж.б.) жана жылдын мыкты спектаклдерине ыйгарылып келет.

Театрдын эл аралык күнүн майрамдоо боюнча токтом 1962-жылы Париждеги улуттук театрдын ачылышына байланыштуу эл аралык театр институтунун IX конгрессинде кабыл алынган. Ошол күндөн бери дүйнө жүзүндөгү сахна адамдары, анын ичинде Кыргызстанда да 1962-жылдан баштап 27-мартты кесиптик майрамы катарында белгилеп келет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу 22 театр оюн-зоок мекемелери чыгармачылык иш жүргүзөт. Анын ичинен 8 музыкалык-драма театры, 7 драма театры, 2 куурчак театры, 3 филармония 1 опера жана балет театры жана мамлекеттик цирк бар.

2022-жыл ичинде жалпы репертуардык спектаклдердин жана иш-чаралардын коюлушунун саны 2 519га жетти. Анын ичинен 75 репертуар жаңы коюлду. Тактап айтканда, 46 спектакль, 22 концертик программа, 7 цирк программасы тартууланды. Жалпы көрүүчүлөрдүн саны 730 миң 533дү түздү.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!