"Эркин-Тоо"

ТЭЦ – 2 жанындагы жашоочулардын жерлери мыйзамдаштырылат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ТЭЦ – 2 жанында түшкөн жаңы конуштун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүп, анын жыйынтыгы менен жер тилкелерди трансформациялоого байланыштуу Министрлер Кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

«Ушул жуманын аягына чейин Министрлер Кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», — деди президент.

Мамлекет башчысы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун тилкелерин тараснформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин айтып, конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселесин чечүү тапшырмасын берди.

Аны менен бирге, Мамлекет башчысы мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын баса белгиледи.

«Эгер кимдир бирөө мындайга батынса, аны мыйзамды бузгандыгы үчүн дароо кармашат», — деди ал.

Ошондой эле, жарандардын турак жай маселесин чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын саясаты толук өзгөртүлүп, квартираларды жана үстөк пайызы төмөн насыяларды берүү башталганын кошумчалады.

«Муктаж болгондор турак жайды ипотека менен 10, 15, 25 жылга алуусу үчүн кийинки жылга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга 5,5 млрд сом бөлөбүз. Батирлерди облустарда, райондук борборлордо беребиз. Облус башчылары, мэрлер, акимдер бул багытта иш алып барып, бул маселени көзөмөлүнө алышат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.


Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!