Техастагы селдин кесепетинен кеминде 82 адам каза болду. Бул тууралуу AP маалымат агенттиги кабарлады.
Сел 2025-жылдын 4-июлунда, Американын Техас штатындагы Гвадалупе дарыясынын жээгинде катталган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам дарыянын деңгээли 45 мүнөттө 8 метрге чейин көтөрүлүп, катуу сел жүргөн. Дайынсыз болуп жаткан адамдардын саны 10дон ашат.
Аймактагы өкмөт издөө иштерин улантууда.