“Телефондук алдамчылык фактылары көбөйүүдө: шылуундар өздөрүн мамлекеттик кызматкерлер же сиздин жакын адамдарыңыз катары көрсөтүшү мүмкүн. Бейтааныш, чоочун адамдардын чалууларына ишенбеңиз. Сак болуңуз!..” дегендей эскертүүлөр саат сайын телефонубуздун билдирүүсүнө келип жатат. Ошого карабастан телефондук алдамчылыктын “тузагына” түшкөндөр көбөйүп баратат. Алдамчылык биздин жашообузда кадыресе көрүнүшкө айланып калды. Ак эмгеги менен тапкан акчаларын белгисиз шылуундарга алдатып отуруп калгандарды көрүп-билип жүрөбүз. Эми мында тез эле байып кетүүнү, ийгиликке жетүүнү эңсеген жарандарыбыздын күнөөсү бар экенин моюнга алыш кажет. “Бекер быштак – капканда” деп бекеринен айтпайт элибиз.
«Эми кандай адамдар шылуундардын тузагына тез илинет?» деген суроонун тегерегинде ой калчап көрөлү. Адистердин айтканына караганда, өзүн-өзү сыйлоонун төмөн деңгээлинен, критикалык ой жүгүртүүнүн жоктугунан, анан албетте, ишенчээк адамдар алдамчылардын “торуна” тез түшөт экен. Алдамчылык дүйнө жүзүн COVID-19дай каптаган илдетке барабар. Маселен, Европа өлкөлөрүндө жашоо-турмуш жакшы болгону менен, ал жакта дагы алдамчылык бар экен. Телефондук алдамчылык Германияда кеңири таралган болсо, Орусиядагыдай эле алдангандардын 80%дан ашыгын 60 жаштан ашкан адамдар түзөрүн адистер белгилешет.
“Алдамчынын амалы кырк качырга жүк” демекчи, бала болуп кырсыкка кабылганын айтып жакындарынын боорун эзсе, дагы бири банктагы акчаларын бирөө чыгарып кетип жатканына кабатыр болуп, айтор, адамдардын айласын алты кетиришет экен. Же болбосо прокурор, сот органдарынын аты менен коркуткан көйгөй бизнесмендердин үшүн алат дешет. Алдамчылардын телефон чалганын иликтөө иши ар дайым эле натыйжалуу боло бербейт экен. Анткени, бир жолу колдонулуучу банк эсептерин, жана SIM карталарын колдонуу алардын изин жашырып кетүүгө ыңгайлуу. Ал эми адамдардын жеке маалыматтарын алуу шылуундар үчүн оңой нерсе. Үй телефондору каталогдордо сакталса, жеке маалыматтар маселен, республикалык салык кызматтарынын, банктардын, укук коргоо органдарынын, миллиондогон адамдар иштеген көптөгөн мамлекеттик органдардын жана социалдык чөйрөдө ишмердүүлүк жүргүзгөн тармактардын маалымат базаларында ачык-айкын турат. Ошондуктан, алар үчүн маалымат табуу көп маселени жаратпайт.
Кыргызстанда алдамчылык менен шугулдангандардын 80%ы чет элдиктер экен. Мындай көрүнүш иликтөө иштеринде маселе жаратары турган иш. Өткөн жылы алдамчыларга алданган жарандарыбыздын чыгымы 903 миллион сомдон ашыптыр. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин билдиргенине караганда, 7713 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 37%ы “Алдамчылык” беренеси менен тергелип, алданган адамдардын 447 396 155 сому кайтарылып берилиптир.
Тилекке каршы, телефондук алдамчылык күн санап миң кубулуп, жаңы схемаларды таратып жатканын укук коргоо органдары билдиришүүдө. Жакында эле УКМКнын кызматкерлери эл аралык шылуундарга андан ары сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунун SIM карталарын колдонуу менен WhatsApp жана Telegram уюлдук мессенджерлеринин аккаунттарын массалык түрдө активдештирген уюшкан кылмыштуу топту кармап, алардын ишине бөгөт койгонун маалымдашты.
Учурда телефондук алдамчылык боюнча даттануулардын саны күндөн-күнгө өсүп бараткандыктан, Ички иштер министрлиги бул кылмыштын түрү үчүн жазаны катаалдаштырууну демилгелеп, коомчулуктун талкуусуна койду. Буга чейин алдамчылыкка жеңил жаза колдонулуп келсе эми, жаңы мыйзам долбоорунда абак мөөнөтүн көбөйтүү жана алдамчылык үчүн жазадан качууну кыйындатуу сунушталууда. Документте алдамчылык башка бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу үчүн алдоо гана эмес, келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо катары каралары айтылат. Мындан тышкары, жаза мөөнөтү ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн 3-5-жыл, же айыптын ордуна 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кылмыштуу топ тарабынан же кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн мөөнөт 5-10 жылдын ордуна 7-12 жылга чейин көбөйтүлүп, мүлкүн конфискациялоо да каралууда. Мыйзам долбооруна ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган эркинен ажыратуу жазасын айыпка алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн алып салуу сунушталууда. Мындай кылмыштар эми оор жана өзгөчө оор деп табылып, шектүүлөрдү камакта кармоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Алдамчылык болуп келген, боло бериши мүмкүн. Азыркы маалыматтык-технологиянын өнүккөн доорунда алдамчылык дагы аларга үндөш схеманы пайдаланып коомго маселе жаратып келе жатканын айта кеткенибиз оң. Ошондуктан, ар бир жаран алдамчылардан сак болушу кажет. Каалаган кезде каалагандай маалымат алууга данакер болгон телефондун азабы дагы бар экенин унутпайлы!
Шекербек Калыков