Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Батырканов акыркы убактарда керектөөчүлөр өз укуктарын коргоодо активдеше баштагандыгын билдирди. Ал ММКлардын бирине берген маегинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жыл башынан бери 430 керектөөчү кайрылганын, бүгүнкү күндө 400гө жакыны каралып, 1 миллион 605 миң сом акча кайтарылганын билдирген.
Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү телефон сатып алууда укугу бузулганын айтып, даттанышууда.
«Керектөөчүлөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу активдүү. Бизге укуктарын коргоп берүүнү суранып, арыз менен кайрылгандар көбөйдү. Негизинен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүнүн да, сатуучунун дагы укугун коргойт. Көбүнчө керектөөчүлөрдүн укугу бузулат. Керектөөчү товар алганда анын кайсы түрү болбосун сөзсүз тастыктоочу жана кепилдик документтерин алышы керек. Анткени бул документтер сатып алган буюмун алмаштырып же акчасын кайтарып алууга жардам берет. «Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, керектөөчү 14 күндүн ичинде алган товарынан баш тартуу укугуна ээ. Бирок товар колдонулган болсо жана аны колдонуунун ачык белгилери байкалса, товардык көрүнүшү, фабрикалык этикеткасы сакталбаса, сатып алуучунун колунда товардык же кассалык квитанция же төлөмдү тастыктаган башка документ жок болсо, анда сатуучу кайтарып берүүдөн же алмаштыруудан баш тарта алат.», — деген Батырканов.