"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ТЕЛЕФОНДУ КӨП КОЛДОНУУ КӨЗДҮ ЖАБЫРКАТАТ

Бүгүнкү күндө телефон коомдун көйгөйүнө айланып баратат. Телефон бала менен эненин ортосундагы тарбиялык алакага терс таасирин тийгизүүдө. Ошону менен бирге баланын толук-кандуу жетилүүсү начарлап, жаштайынан сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, айрым ата-энелер үчүн түйшүк жаратууда. Гезитибизге буга чейин “Апа, мени менен сүйлөшчү” рубрикасынын алкагында жарыяланып келген макалаларды улантып, бул жолу телефондун көзгө зыяндуулугу тууралуу пикир алышуу үчүн көз дарыгери – офтальмолог Мээрим Керимкулованы сөзгө тартканбыз. Ал балдардын көз ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча адис. Дарыгер чоңдордун да, балдардын да көз органын медициналык кароодон өткөрөт. Офтальмолог, көздүн жакшы көрүүсү – жашоонун башкы зарылдыгы жана бакыты экенин белгилейт. Аны менен катар ата-энелер айрыкча жаш балдардын көздөрүндө көйгөйлөр байкалса, дароо дарыгерге кайрылууну сунуштайт. Анткени, акыркы кездери балдар арасында көздүн көрүүсүнүн начарлоосу, көздүн формасынын өзгөрүүсү, алыс, жакынкы аралыкты көрүү көйгөйлөрү менен кайрылгандар көбүрөөк дейт. Албетте, мында телефондун терс таасири бар.

— Негизи ата-энелер наристе кезинен баштап балдарына телефон карматып, жаман көндүрүшөт. Баарына маалым болгондой, баланы алаксытуу үчүн ушундай кадамдарга барышат. Бирок, бул жаш баланын ден соолугу үчүн опурталдуу нерсе. Себеби, телефонду такай кароо көздүн начарлоосуна алып келет. Мындай көрүнүш коомду каптап баратат. Медицинада эң көп кездешүүчү себептер төмөнкүлөр: Узак убакыт компьютер же телефон карап отурганда көз чарчайт, кызарып кетет. Көз булчуңдарынын чыңалышына алып келет. Көздү кир кол менен кармоо ар түрдүү инфекциялык ооруларды (конъюнктивит оорусун) пайда кылат. Унаадан, өндүрүштөн чыккан түтүн, чаң, химиялык заттар да көзгө зыян алып келет. Узак убакыт Күн тийген жерде жүргөндө ультра-кызгылт нурлар көздүн чел кабыгына зыян келтириши мүмкүн. Көзгө көз айнек тагынбаса, корголбосо катаракта сыяктуу жана башка ооруларга дуушар кылат. Бул көйгөйлөрдү адистер менен чогуу чечсе болот. Болгону узак убакыт өткөрүп жүрө бербей, дарыгерге эрте кайрылуу маанилүү.

Балдар чарчаңкы абалда болот

— Телефонду узак убакыт колдонуунун кесепетинен ар кандай көз оорулары менен ооруган чоң кишилер, өзгөчө мектеп жашындагы балдар кайрылып жатат.  Балдар арасында эң көп кездешкени алыс-жакынды жакшы көрө албагандар басымдуурак. Өзгөчө окуучулар арасында прогрессивдүү (миопия) диагнозу көбүрөөк байкалат. Бул ооруда адам жакын турган нерсени жакшы көрөт, алысты бүдөмүк көрүп калат. Балдар чарчаңкы абалда болуп, баштары ооруйт, кечкисин көзү начар көрүп калат. Бул оорулардын келип чыгышынын башкы себепчиси телефон, компюьтерди узак колдонуу дейт элем.  Ал эми 2 жаштан 5,5 жашка чейинки балдарга 30-40 см аралыкта 10 мүнөт телефон көрүү туура болот. Жаш балдарга көп убакыт телефон берүү сүйлөөсүн кечеңдетет, кыймыл-аракетин өзгөртөт. Жада калса, баланын тамактануусуна да терс таасирин тийгизет.

Туура колдонуу – көйгөйдү азайтат

— Баланын гаджеттерди колдонуусуна толук тыюу салбай, убактысы менен берүү маанилүү. Негизи эле бардык адамдар телефонду бир убакытта пайдаланып, тыныгуу жасап кайра колдонсо зыяны азыраак болот. Гаджеттер ден соолукка гана эмес, баланын жүрүм — турумуна, мүнөзүнө чоң таасирин тийгизээри анык. Андыктан чоң кишилер жоопкерчиликти колго алып, бул абалга туура мамиле кылсак, көйгөй чоң нерсеге айланбайт дээр элем.

Балдар менен сүйлөшүү маанилүү

Ал эми балдар тарбиячысы болуп эмгектенген Кишимжан Сейдибалиева балдардын телефон кармоосун азайтуунун ыкмалары тууралуу кеп-кеңештерди дайыма окуп, аны жаш жеткинчектерге жеткирүүгө шашылат. Тарбиячы, балдар баарын бат кабыл алышат.  Болгону, балдарга белгилүү убакытта жүрүм-турум, ден соолукту сактоо, адамдагы оң, терс мүнөздөр, ошол эле телефондордун зыян, пайдасы тууралуу көбүрөөк маалыматтар айтыла берсе бала аны кабыл алып, тандап, жашоосунда колдоноорун белгилейт.

— Жаш жеткинчектер абдан акылдуу, зирек болушат. Балдар менен ар бир маселе боюнча сүйлөшүү керек. Бала баарын билет, түшүнөт. Ошол эле биз айтып жаткан телефондун зыянын айтып, колдонуу убактысын чектеп, айрым күндөрү такыр эле телефонду көргөзбөй коюу ашыктык кылбайт. Бул жерде ата-эне да үлгү болуп колуна китеп, альбом, түрдүү боекторду кармап бала менен бирге убакыт өткөрсө, бул абдан маанилүү. Мен ойлойм, көп нерсе үйдөгү тарбиядан көз каранды. Албетте, баланын калыптануусуна, бактылуу чоңоюшуна бала бакча, мектеп, коомдун таасири чоң. Өз ишимде балдарга телефондун зыян, пайдасы тууралуу атайын сабактарды уюштурабыз. Маалыматтарды ар түрдүү булактардан алабыз. Башкы максат – балдарыбыз жакшы мүнөз, тарбияда чоңоюшун ар бир мугалим каалайт дээр элем, — дейт ал.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы