"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Телефонун бербей качып кеткен шектүүлөр кармалды

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Чүй облусунун Сокулук районунда «Чалып алайын» деп телефонун алып, качып кеткен делген шектүү жаш жигиттер кармалды.
17-ноябрда райондук милиция бөлүмүнө Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өткөн түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Сокулук айылынын Кайназаров көчөсүнөн Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа токтогон. Унаадан түшкөн үч белгисиз жаш жигит «чалып алуу үчүн» деп телефонун сурап, арыз ээсин бет тарабына уруп, телефонун тартып алып, унаасы менен качып кетишкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү жарандарды кармаган. Алар: 2006-жылы туулган Ш.И., 2009-жылы туулган Ж.Д., 2009-жылы туулган К.Б. жана 2010-жылы туулган А.Э. атту жарандар экени аныкталган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, 2006-жылкы Ш.И. атту жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.