Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Түркияда өткөн бизнес-форумга катышты. Маалыматты КР СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Венгриянын соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери жана экономика министрлери чогулуп, кызматташуу жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.
Форумдан кийин Темир Сариев Түркиянын соода палаталары жана товардык биржалар союзунун башчысы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маанилүү маселелерди талкуулашты.