"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Тенгиз Бөлтүрүккө козголгон кылмыш иши сотко өттү

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Ага козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнүн мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми азырынча жараяндын күнү белгилене элек.

Эске салсак, 2022-жылдын сентябрь айында Тенгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтагы коррупциялык схемадан улам алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Бул сумманын ичинен 10 миллион сомду Т. Бөлтүрүк өзү төлөп бергени маалым болгон.