Өзбекстандын аймагында 11-июлдан тарта термикалык депрессия түзүлдү. Бул синоптикалык процесс бүткүл Борбордук Азиядагы эң ысык аба ырайынын мезгили менен байланышканын Өзбек аба ырайы кызматы билдирди. Өзбекстандын аймагында 11-13-июлда күндүн ысыгы өтө жогорку чекке жеткен. Абанын температурасы +40…+42 даражага чейин көтөрүлүп, Каракалпакстан, Хорезм, Бухара, Навои, Кашкадарыя аймактарында +45 градустан ашкан.