“Тез жардам” автоунааларын сатып алууга каражат бөлүндү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, “Тез жардам” автоунааларын сатып алууга 169,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Ага ылайык, аталган каражат «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында айып пулдардан топтолгон каражаттын эсебинен бөлүнгөн.

2019-жылы ишке кирген «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатты өкмөт «Тез жардам» кызматын өнүктүрүүгө жумшап, автоунааларды жаңыртуу пландалган.

 

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!