Жеңил өнөр жайы коомдогу социалдык маселени чечкен, массалык түрдө жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылган жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногон приоритеттүү тармактардын бири. Кыргызстанда азыр тигүүчүлүктү мыкты өздөштүрүп, кирешелүү тармак экендигине көзү жеткен ишкерлердин өнүгүүгө бет алган учуру. Акыркы жылдары өлкөдөн Россияга кийим-кечелерди экспорттоо 4-5 эсеге өстү. Алардын эсебинен мамлекеттин бюджетине ири өлчөмдөгү каражат түшөт. Тикмечи болуп иштегендердин айлык акысы иштегенине жараша 40 миң сомдон 80 миң сомго чейин болоору айтылууда.
Тармактын тарыхынан
Союз мезгилинде Кыргызстанда бир топ ири жеңил өнөр жай ишканалары – Фрунзе трикотаждык фабрикасы жана Камволдук-кездеме комбинаты, Каракол, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы кийим жана бут кийим фабрикалары, Оштогу пахта кездемелерин өндүрүүчү бирикме, Токмоктогу жүндү иштетүү, «Чолпон» бут кийим (Фрунзе ш.), Кызыл-Кыя шаарындагы бут кийим, Васильев атындагы трикотаждык фабрикалары тынбай иштеп турган. Советтер Союзунун тарашы менен бул ишканаларда бардык башка тармактар сыяктуу эле кыйынчылыктар башталат. Жабдуулар жана башка активдер сатылып, кийин таптакыр иштебей, көпчүлүгү биротоло жабылып калат. Өндүрүштү рыноктук экономиканын талаптарына ылайыкташтыруунун натыйжасында өнөр жай өндүрүшүндө тармактык чоң өзгөрүүлөр болот. Республикада рынок чөйрөсүн түзүүгө багытталган иштер башталат. Ири ишканаларды структуралык жактан кайрадан уюштуруу жана менчиктештирүү программасы жүрөт. 1992–95-жылдары өнөр жай тармагында чоң масштабдагы менчиктештирүү жүргөн. Ал базар шартына даярдыксыз эле жүргүзүлгөндүктөн, жогорку адистешкен өнөр жай ишканалары токтоп калган. Айрымдары күнүмдүк турмушка керектүү жөнөкөй буюмдарды чыгарып, кээси банкрот болуп жок болгон. А.Микоян атындагы трикотаж кийимдерин чыгарган фабрика 1941-жылы Улуу Ата мекендик согуш башталган учурда Харьков шаарынан инженер, механик, станоктору менен кошо Кыргызстанга көчүрүлүп келген. Мына ошол мезгилден азыркыга чейин өзүнүн иш багытын, нугун өзгөртпөй келе жаткан легендарлуу фабрикалардын бири – “Илбирс” ачык акционердик коому. Союз таркагандан кийин көптөгөн завод-фабрикалар жабылып, сатылып, тонолуп жаткан кезде КРнын текстиль жана жеңил өнөр жайынын эмгек сиңирген ишмери Жеңишбек Тентиев “Илбирс” тигүү фабрикасынын станогу эмес, ийне-жибине чейин эч кимге карматпай сактап калган.
Өнүгүүгө кайра дан жаралган мүмкүнчүлүк
Бирок, базар экономикасы талапка жараша бул тармак үчүн өнүгүүгө кайрадан мүмкүндүк берди. Кыргыз чеберлеринин бай тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүк деңгээли жаңы шарттарда өз алдынча иштеп, жаңыдан чакан ишканалар ачылды. Жеңил өнөр жайынын орто жана кичи цехтеринин саны бат эле өсө баштады. Азыркы убакта Кыргызстанда жеңил өнөр жайынын текстилдик өндүрүш, кийим тигүү, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүү, бут кийим өндүрүү сыяктуу түрлөрү өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келет. Ошондой эле көп эмес көлөмдө шырдактарды, туш кийиздерди, кыргыздын улуттук кийимдерин, улуттук оймо-чиймелери менен идиш-аяктарды, сувенирлерди ж.б. элдик көркөм өнөр жана жыгач-устачылык буюмдарын өндүрүүчү чакан ишканалар иштеп жатат.
“Илбирстин ” кийим деринин бренд болгондугу – анын сапатын да
“Илбирс” ачык акционердик коомунун сатып өткөрүү боюнча коммерциялык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Болотбек Жунусовдун айтымында, аталган фабрика бүгүнкү күндө жаңы үлгүдөгү кийимдерди чыгарат. Мындан сырткары берилген буюртмаларды кабыл алып, сатып өткөрүү иштерин жүргүзөт. Буюртма менен Коргоо министрлигинин, өрт өчүргүчтөрдүн, салыкчылардын, ж.б. мекемелердин атайын формаларын тигишет. Ички жана сырткы трикотаж кийимдеринин 300дөн ашык түрлөрүн тигип, сатыкка чыгарат. Атайын сүрөтчүлөрдүн, конструкторлордун бөлүмдөрү суроо-талап боюнча заманбап, акыркы үлгүдөгү ички кийимдерден баштап, сырткы калың кийимдерге чейин үлгүлөрүн ойлоп таап, кошуп, жаңыртып, жараксыз, эскилерин алып салып, жарашыктуу, ыңгайлуу кийимдердин үлгүлөрүн иштеп беришет. Ар бир айда өтчү сүрөтчүлөрдүн кеңешмесинде алар өзүлөрүнүн идеяларын, ойлоп тапкан үлгүлөрүн, сунуштарын демонстрациялашат. Кеңештин катышуучулары көргөзүлүп жаткан үлгүлөрдүн ар бирине дыкат көңүл буруп, талдап, жарай турганын жарайт, жарабай турганын жарабайт деп электен өткөрүшөт. Мисалы, аялдардын көйнөгүнө чөнтөк кандай салынышы керек, ыңгайлуу болушу үчүн чөнтөктүү көйнөктү аялдардын көпчүлүгү жактырышаары, жакасы бары же жогу, узун, кыскалыгынын баарына анализ жүргүзүлөт. Кийимдерди тандоодо кардарлардын суроо-талабын жакшы билгендиктен, кеңешке катышкан сатуучулардын пикири негизги ролду ойнойт. Ошентип, ар бир деталдарын эске алып, ага жараша сапаттуу, ыңгайлуу жана жарашыктуу токулган кийимдерди чыгарганга жетишет. Кыргызстандагы трикотаж кийимдерин чыгарган башка атаандаштары “Илбирстин” өтүмдүүлүгү жакшы, даяр үлгүлөрүн алып кетип, окшош кылып чыгарып, сатыкка коюшат. Бирок, рыноктун шартында мындай нерселерге илбирсчилер ичи тардык кылбай тургандыктарын билдиришти. Эң негизгиси, алардын кийимдеринин сапатын баалаган өз кардарларынын көп экендигине ишенишет. Союз убагында ар бир өндүрүлгөн продукциянын сапаты мамстандартка шайкеш келчү. Кийимдин сапаты модалуу, жакшы тигилишинде гана эмес, анын курамы эмнеден тураарына көз каранды. Сапат жагынан алганда негизи жиптин курамы жүндөн жана пахтадан турушу керек. “Илбирс” тигүү фабрикасы токулган кийимдерди тиккен жиптеринин жогорку сапаттуулугуна чейин көңүл бурат. Кийимдин жылуу, жумшак, жайында салкын, кычыштырбаган, аба өткөргөн жана денеге жагымдуу болушуна маани берилет. “Илбирстин” кийимдеринин бренд болгондугунун себеби да дал ушунда турат. Сапатына жооп берген техникалык көзөмөлдөөчү бөлүмдө мыкты адистер иш алып барышат. Эгерде товарлар талапка жооп бербесе, кеткен чыгымына карабай артка кайтарылат. Трикотаждык кийимдерди чыгарган башка атаандаштарынан алар ушул жагы менен өзгөчөлөнөт.
Буюртма көп, бирок тигүүчү аз
Акыркы жылдары дүркүрөп өскөн тигүү ишканалары жайыкышы тынбай иштеп, жумуш такыр токтобойт. Алардын Казакстан, Россия эле эмес, Европа мамлекеттеринде да туруктуу кардарлары бар. Тигилген кийимдер көбүнчөсү Россиянын ири шаарларына жиберилет. Ушу тапта берилген буюртмалар өтө көп санда болуп жатат. Алар көп болгону менен бул тармактын бүгүнкү күндө өзүнө жараша көтөргөн оор жүгү да бар. Буюртмаларды аткарууда жумушчу күчү жетишпейт. Өндүрүштө иштей турган адамдардын кол күчүнө муктаждык болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Мурда жалаң тажрыйбалуу тикмечилерди жумушка алса, азыр шыгы, кызыгуусу, каалоосу бар, бирок ийне саптаганды билбеген кыз-келиндерди, жигиттерди да жумушка алып, өздөрү окутуп, акысыз үйрөтүп жатышат. Эки маал тамагын берип, жатакана менен камсыз кылган тигүү фабрикалары да бар. Ишкерлер жана жеңил өнөр жай кызматкерлери Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жогорку экспорттук көрсөткүчтөргө ээ болуп келет. Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагындагылардын башын бириктирип, “Легпром” ассоциациясына каттоого алынган миңдеген тигүү цехтери бар. Үй шартында ачылган же 10- 15 кишини иштеткен чакан цехтер жүздөп саналат. 200 миңден ашык кишилер тигүү тармагында иштеп, үй-бүлөсүн багып жатышса, бул тармак дагы жүз миңдеген кишини жумушка алууга муктаж. Себеби, Казакстан, Орусиянын ири шаарларында эле эмес, туруктуу кардарлар Европа мамлекеттеринен да чыгууда. Ишкерлер буюртмаларды убагында орундатып, ишенимдин кепили болуп келсе, кээде жөнөтүлгөн товарлар убагында жерине жетпей, чек арадан кармалган учурлар кездешет. Бир жумада жете турган жүк кээде 20 күндө жетет. Мындай учурда буюртма берген тарап да, алган тарап да зыянга учурайт. Өз убагында жеткирилбесе, келишим боюнча жөнөткөн тарап айып пулун төлөйт. Бул тармактагы дагы бир көйгөйлөрдүн бири – тигүү ишканаларын жогорку деңгээлге чыгаруу үчүн керектүү, заманбап, баасы кымбат, автоматташтырылган жабдуулардын жетишпестиги, ири буюртмаларды алып келүү үчүн ишкерлердин эл аралык көргөзмө-жарманкелерге барып катышуусуна шарт түзүү, логистика көйгөйүн чечүү, каржылык жана материалдык жактан мамлекеттин колдоосу зарыл болууда.
“Жалпыбыз тигүү тармагына өтсөк болот, себеби …”
Дүйнөлүк бренддер менен кызматташкан Cool Bros тигүү фабрикасынын негиздөөчүсү Сүймөнкул Жолдубаев: “Кыргызстандын тигүү тармагы баарыбыз бириксек да, буюртмаларды аткарганга жетишпей жатабыз. Буюртмаларда чек жок. Ошон үчүн бүгүн бардык тигүү цехтери тикмечилерге суусап турат. Себеби, тигилген кийимкече менен Орусиянын 5-6%ын гана камсыздайбыз. Калганын Өзбекстан, Кытай, Түркия жана Корея мамлекеттери толуктайт. Текстиль тармагында мүмкүнчүлүк мурда эле жакшы болгон, азыр андан дагы жакшы. Алдыдагы 10, 20 жылда дүркүрөп дагы өсөт. Бул тармакка ишкерлик кылам деген дилгир инсандар эле эмес, керек болсо жалпы кыргызстандыктар ойлонбой кирсе болот. Ишти баштасаң, өзүн 2 жылда актайт. Болгону стратегия менен команданы туура түзүү керек. Биздин өлкөдө экспорт болгон алтындан кийинки нерсебиз бул – текстиль. Мен баарыңар киргиле демекчимин. Текстиль тармагында бир өзгөчөлүктү, бир сырды айтсам, бул иште ар дайым жабдууларда жаңылануу болуп туруусу керек. Ансыз өнүгүү кыйын. Жөнөкөй 500 долларлык машина менен эмес, 5 миң долларлык машинаны алсаң, ал жөнөкөйдөн 5 эсе күчтүү жана ал 5 жумушчунун аткарган ишин жасайт. Ошондой эле идеалдуу ишкананы куруу үчүн адамга 4 түрдүү мүнөз керек. Кимдир бирөө сатуудан жакшы, кимдир бирөө башкаруудан мыкты, кимдир бирөө ички иштерди аткарууга жөндөмдүү келсе, кимдир бирөө финансылык жактан сабаттуу болот. Ушул 4 түрдүү мүнөздү чогултканда идеалдуу менеджер чыгат. Бизнести эч качан насыя менен баштабаш керек. Киреше түшпөй туруп бирөөгө карыз болуу туура эмес. Болгон күчү же акчасы бар өнөктөш менен баштаса, жаңылбай туура жолдо бараткан болот”, — дейт өз оюн ортого салган ишкер С.Жолдубаев.
Бактыгүл Кулатаева