Мамлекеттик салык кызматы тигүү жана текстиль тармагында иштегендер үчүн салык сабаттуулугун жогорулатууга жана электрондук сервистерди колдонууга багытталган окутуу семинарын өткөрдү.
Семинарда катышуучулар онлайн кызматтарды колдонуу тартиби жана салык эсептөө жолдору жөнүндө маалымат алышты. Салык кызматынын адистери электрондук кызматтар менен иштөөнүн кадамдык үлгүсүн көрсөтүштү. Айрыкча Салык төлөөчүнүн кабинетине онлайн кирүү, документтерди электрондук түрдө тапшыруу жана БИСтеги авторизациялоо тартиби түшүндүрүлдү.
Катышуучулар киреше салыгын жалданма кызматкерлерди эске алуу менен эсептөө, бирдиктүү салыкты колдонуу өзгөчөлүктөрү, ошондой эле экспорттоодо керектелүүчү документтерди, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды туура толтурууну үйрөнүштү.

