"Эркин-Тоо"

Тик-Токто түз эфирде кызына кол көтөрүп, сыра ичирген келин кармалды

Тик-Ток социалдык түйүнү аркылуу кичинекей кызына сыра ичирген келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.Г. аттуу жаран 29 жашта, ал Ошко Сүлүктү шаарынын 17-февраль күнү келген.

«Ал түз эфирде кылган жоругун  хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн  жасагандыгын айткан.  Милицияга мынчалык тез кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады», — дейт ички иштер башкармалыгы.

Окуяга юридикалык баа берүү үчүн маалыматтар тергөө кызматына өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бүгүн  Тик-Ток колдонуучусу түз эфирге чыгып, анда кичинекей кызын уруп, сыра ичирип, азык-түлүккө акчасы жетпей жатканын айтып, элдерден акча талап кылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!