"Эркин-Тоо"

TikTok’ко жаңы чектөөлөр киргизилет

 

TikTok өспүрүмдөр үчүн колдонмону колдонуу убактысын күнүнө 60 мүнөткө чейин чектейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 18 жашка чейинки колдонуучуга таандык ар бир аккаунт автоматтык түрдө тиркемени күнүнө 60 мүнөт колдонуу менен чектелет. Уруксат берилген чектин аягында өспүрүмдөр социалдык тармакты колдонууну улантуу үчүн паролду киргизүү талап кылынат.

13 жашка чыга элек колдонуучулардын ата-энесине же жакындарына сыр сөз берилет. Эгер өспүрүмдүн аккаунтуна ошол сыр сөз жазылса кошумча 30 мүнөттүк видео көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Иштеп чыгуучулар «Үй-бүлөлүк жөндөмө» кошумча функцияларды кошот. Мисалы, жашы жете элек колдонуучулардын ата-энелери же камкорчулары каалаган мөөнөттү өз алдынча белгилей алышат. Ошол эле кезде ата-энелер TikTok эскертмелерин өспүрүмдөр үчүн график боюнча өчүрө алышат.

Учурда 13-15 жаштагы колдонуучулар саат 21:00дөн, ал эми 16-17 жаштагы өспүрүмдөр 22:00дөн баштап билдирмелерди ала алышпайт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!