Жалал-Абад облусунда ири долбоорлор жүзөгө ашырылып, аймактын ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүлүүдө. Андан калса, быйыл Өлкөбүздүн эгемендүүлүккө ээ болгондугунун 34 жылдыгы Жалал‑Абад шаарында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда белгиленип, бир катар маанилүү объектилердин ачылышы болмокчу. Ошондой эле Жалал-Абад ушул жылы расмий түрдө Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору макамын алган. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен болгон маегибизде алдыдагы иш-чараларга карата даярдыктар тууралуу пикир алыштык.
— Өзүңөргө маалым болгондой, Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров жыл сайын Эгемендүүлүк майрамын белгилөөнү ар бир облустун борборунда өткөрүүнү салтка айландырып койду. Мындай демилге биринчиден, аймактын өнүгүүсүнө өбөлгө түзсө, экинчиден, эки эселеген жоопкерчиликти жүктөйт. Учурда майрамга карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгынын урматына облуста 34 жаңы социалдык, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү объектилерди ишке киргизүү пландалууда. Бул объектилер
Президенттин катышуусунда онлайн режиминде ачылат.
Ал эми Жалал-Абад шаары Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) туристтик борбору статусун алышы бизге болгон чоң ишеним десем болот. Жалал-Абадга жаңы статустун ыйгарылышы, албетте, облустун аймагында туризм тармагынын инфраструктурасын активдүү өнүктүрүүгө жана кооз жерлерибизди түрк өлкөлөрүнө жайылтууга шарт түзөт. Ошону менен бирге туристтер биздин аймагыбызга келишип, өз ара алакабыз кеңейет. Жалал-Абад облусундагы уникалдуу Саймалуу-Таш улуттук паркы, дүйнө жүзүндө кездешпеген Арстанбап жаңак токойлору, Сары-Челек коругу жана башка көз жоосун алган жайларыбыз, тарыхый мурастарыбыз менен сыймыктанабыз. Бул иш-чара эл аралык деңгээлде өткөрүлүп жаткандыктан ТМУнун өзүнүн жол картасы бар экен. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Ушул жерде өзгөчө баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, даамдуу улуттук тамак-ашыбыз менен дүйнө жүзүн суктандыра алабыз десем болот. Конок күтүү дагы биздин элибиздин меймандостугунун артыкчылыгы эмеспи. Андан башка ресторан бизнеси болобу, чач тарач болобу тейлөө маданиятын арттыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик уюмдарга катуу тапшырмалар берилди. “Келген конок ыраазы болуп кетиши керек” деген сый-урматыбызды көргөзөлү деп жатам. Жакында эле кошуна Өзбекстандын Наманган облусуна барып, “Гүл майрам” деген фестивалына катышып келдим. Ушул иш-чараны өткөрүп келатканына 64 жыл болуптур. Наманган Өзбекстандын ичинен гүлгө оронгон өрөөнүндөй туюлат экен да. Ал эми “Гүл майрам” фестивалы таанылып, жыл сайын коноктордун саны көбөйүп баратыптыр. Фестивалга катышуу үчүн элүүгө жакын ишкерлер менен бирге барганбыз. Иш-чаранын алкагында онго жакын келишим түзүлдү. Анан дагы Наманган шаарынын футболдук командасынын шарты менен таанышып келдик. Өзүңүздөр билесиздер, Жалал-Абадда футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондуктан, Наманган шаарынын футболдук командасы менен жолдоштук беттешүүнү өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Маданият жаатында кызматташуу дагы колго алынууда. Жакында Андижан шаарынан маданият кызматкерлери шаарыбызда өз өнөрүн тартуулашмакчы. Ошондой эле облустук Барпы театры Өзбекстандагы кыргыз боордошторубузга атайын концерттик программа менен барып келүүгө даярдыктарды көрүп жатат. Мына ушунун өзү маданий байланышты чыңдоо менен бирге ынтымак-ырашкерликти арттырат. Жалал-Абад Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору статусун алганына байланыштуу күзүндө өтүүчү иш-чарага көптөгөн меймандарды чакырып жатабыз. Буйруса, алдыбызга коюлган иш-пландарды талаптагыдай деңгээлде өткөрүп, элибиздин алдында жүзүбүз жарык болоруна ишенем.
Шекербек КАЛЫКОВ