"Эркин-Тоо"

ТИЛИ, ДИЛИ БИР ӨЛКӨЛӨРДҮН КЕЛЕЧЕК КАДАМЫ

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун IX саммити

Өткөн аптанын 11-ноябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун IX саммити болуп өттү. Бул жолку жолугушуу «Түрк цивилизациясынын жаңы доору, чогуу өнүгүүгө биргеликте кадам» деген ураан алдында уюштурулду. Ага уюмдун мүчөлөрү — Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мамлекеттеринин президенттери, байкоочу макамында Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Жыйынды өзбек президенти Шавкат Мирзиёев ачып, былтыртан тарта аталышын өзгөрткөн уюм түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгында жаңы барак ачылганын билдирди. Уюм Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши деген аталыш менен 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө болчу. 2019-жылы Өзбекстан уюмга толук кандуу мүчө болуп кирип, былтыртан бери Түрк мамлекеттер уюму деп атала баштаган. Шавкат Мирзиёев азыркы учурда дүйнөдөгү экономикалык кризис шартында түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтыкты чыңдашы керектигин кошумчалады. Уюмга мүчө өлкөлөр экономикалык жааттагы кызматташтыкта мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу колдонбогонун, бажы төлөмдөрү жогору экенин белгилеп, эркин соода жүргүзүү аймагын түзүү, транспорттук байланышты күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Өзбекстандын президенти коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын, дүйнөнүн баардык бурчундагы мамлекеттер аралык куралдуу тирешүүлөр, согуштар, ар кандай локалдык жаңжалдар түрк дүйнөсүнө коркунуч туудуруп жатканын кошумчалады. Бул шартта коопсуздук органдары терроризмге каршы, киберкоопсуздук жаатында биргеликте иш алып барышы учур талабы деп белгиледи. Буга чейин айтылгандай саммитте мамлекет башчылар ар тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, уюмдун 2022 – 2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын кабыл алышты. Жалпылап айтканда уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда гуманитардык кызматташтыктан тарта экономикалык байланыштарды чыңдоо, транспорт жана бажы иши, санариптештирүү жаатындагы долбоорлор да талкууланды. Саммиттин алдында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин Түрк инвестициялык фондун, биргелешкен соода үйлөрүн ачуу жана Турансез экономикалык аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрү болду.

Түркмөнстандын бул уюмга толук кандуу мүчө болуп кошулары кабарланып жаткан. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 29-сентябрдагы билдирүүсүндө: “Жакшы жаңылык менен бөлүшкүм келип жатат. Буга чейин уюмга байкоочу болгон Түркмөнстан Самарканддагы саммитте толук кандуу мүчө болуп кирет. Муну менен түрк тилдүү үйбүлөбүздү толуктайбыз” деп алдын ала маалымдаган эле, бирок Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмунун IX саммитинин жыйынтыгында Түркмөнстан уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп жарыяланган жок. Түркиянын министринин эки ай мурунку маалыматы эмнеге ишке ашпай калганын, ага эмне себеп болгонун эч ким түшүндүрүп бере алган жок. Түркмөнстандын атынан саммитке өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги (ТДХ) Бердымухамедов жыйынга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен ардактуу конок катары катышып жатканын билдирди. Бул ишчарага өзбек бийлиги даярдык көрүп, аны коомчулукка чагылдыруу үчүн буга чейин аккредитация албаган айрым маалымат каражаттардын кабарчыларын да чакырды.

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү – Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү чечим Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды. Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Израилдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын ээлеген. Уюмдун Башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул кызматты Х. Акынжы (Түркия), Р. Гасан (Азербайжан), Багдад Амреев (Казакстан) ээлеп келген.

Соңунда Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы Өзбекстандын сунушу менен түрк дүйнөсүнүн сыймыгы болгон улуу жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды. Бул тууралуу саммиттен соң брифинг учурунда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов билдирди. Сыйлык Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго берилди. Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев аны Айтматовдун жакындарына тапшырып коюуну өтүнүп, салам жолдоду. Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык Алишер Навои атындагы сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө чечим өткөн жылы Түркияда өткөн саммитте кабыл алынган. Сыйлык быйыл биринчи жолу берилди.

Албетте дүйнө коомчулугу үчүнчү дүйнөлүк согуштун улагасында турган кооптуу шартта Түрк мамлекеттер уюмунун IX саммитинин жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер учурдагы эң зарыл болгон талаптардын баш сабында турарында талаш жок. Тили, дили, дини, базары, мазары бир болгон Түрк мамлекеттеринин олуттуу уюмга биригип, алдыга бир максатта кадам коюп иш алып баруусу эң алгач уюмга мүчө болгон ар бир мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө шарт түзөт. Илимийпрактикалык конференциялар, маданий иш-чаралардын жүрүшүндө мамлекеттер аралык алакалар бекемделип, достук мамилелер чыңалат. Соода сатык жолго коюлуп эркин соода жүргүзүү аймагы түзүлүп, транспорттук байланыштар күчөтүлөт. Аскердик коргонуу, коопсуздук боюнча тажрыйбалар алмашылып, атайын кызматтар терроризмге каршы, киберкоопсуздук жаатында биргеликте иш алып барат. Түрк мамлекеттер уюмунун мындан аркы ишине, уюмга Башкы катчысы болуп дайындалган Кыргыз Республикасынын өкүлү – Кубанычбек Өмүралиевге ийгилик каалайбыз.

№99 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-ноябры
Бахпурбек АЛЕНОВ

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!